(1:16 / 9.88Mb / )

Бишкекте кампадан чыккан өрттөн кийинки көрүнүш. Асмандан тартылган видео

966
(жаңыланган 21:59 09.11.2018)
Жалын 900 чарчы метр аянтты жалмаган. Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча тактала элек.

Кечээ, 5-ноябрь күнү, саат 21.56да Элебесов көчөсүндө жайгашкан "Дениз Текстиль" кампасында өрт чыккан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Саат 23.29да өрт азайса, таңкы 05.10до толугу менен өчүрүлгөн. Аны өчүрүүгө ӨКМдин беш унаасы тартылган. Кырсыктын келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталып жатат.

Имараттын ичинде кандай буюмдар болгону талаш жаратууда. ӨКМ алгач алдын-ала маалымат боюнча турак жай өрттөнүп жатканын маалымдаган, бирок кийинчерээк жалын кампаны жалмаганы белгилүү болду. Ал эми ЖМКлардын маалыматына караганда, кампада кездеме сакталган. Ал ортодо жергиликтүү тургундар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бул жер мурда дүкөн болгонун, бирок эки ай мурда ремонт жасалып ээлери мейманкана ачууну пландап жатышканын билдиришти.

966
Белгилер:
кампа, кырсык, Өрт, ӨКМ, Бишкек
Тема боюнча
Турак үй эмес экен. Бишкекте эмне өрттөндү
Бишкекте көп кабаттуу турак жай өрттөнүп жатат. Жалындаган үйдүн видеосу
Пикирлер