Толкун ресторандын ичин каптаганда... Италияда тартылган видео

Жазылуу
Ресторандын кызматкерлери бул күнү жаан-чачын болорун билгени менен мындайды күткөн эмес.

Италиянын түндүгүндөгү Аренцано шаарында болгон катуу толкун деңиз жээгиндеги ресторандын эшик-терезесин талкалап, ичин сууга толтурду. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

Италиянын Аматриче шаарындагы зилзаланын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ дүйнөдөгү табигый кырсыктар канча адамдын өмүрүн алганын эсептеп чыкты
Видео байкоого тартылып калган кадрдан жумушчулар ресторанды тазалап-жыйнап жатканда ичине толкун урат. Келе жаткан сууну эшиктерди жаап, тосуп калуу аракетинен майнап чыкпады.

Мунун кесепетинен ресторандын ээси Жовонна Дэймонтка айнектин сыныгы тийип ооруканага жаткан.

Италиянын Метеорология агенттиги бул күнү деңиз жээктериндеги шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга жетээрин эскерткен. Ал эми толкундун бийиктиги алты метрге чейин көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0