Асман кызылга боелуп... Австралиядагы жүрөк түшүргөн бороондун видеосу

Жазылуу
Чаңды асманга сапырган бороон кургак климаттуу жерлерде болот.

Австралиянын Түштүк Уэльс штатында жүрөк үшүн алган көрүнүш болду. YouTube тармагына жүктөлгөн видеодон тоодой болгон кыпкызыл бороон-чапкын тегерек-четти каптап келе жатканын көрүүгө болот.

Бороонду видеого тартып алган Уайт Клифс шаарынын тургуну эс тартканы мындай нерсени биринчи жолу көрүп жатканын айтат.

"Бороон токтогондо айлананы, жада калса, үйдүн ичин дагы чаң басып жатып калды. Шамалдын күчү абдан катуу болгондуктан, кээ бир турак жайлар жабыркады. Бирок бизди Кудай сактады деп ойлойм", — деп жазды автор.

Чаңды асманга сапырган бороон кургак климаттуу жерлерде болот. Чаңды көтөрүүгө ылдамдыгы секундасына 10 метрге жеткен шамалдын күчү жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0