(1:00 / 7.59Mb / )

Калифорнияда токойдон чыккан өрт шаардагы миңге чукул үйдү жок кылды. Видео

224
(жаңыланган 14:53 12.11.2018)
Токойдон чыккан өрт Калифорния штатынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Парадайс шаарын жабыркатты. Тилсиз жоонун видеосу Sputnik Белоруссия агенттигине жарыяланган.

Өрт 8-ноябрь күнү, бейшембинин таңында чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча тилсиз жоо сегиз миң гектардан ашык аянтты каптаган.

Sputnik Белоруссия агенттигинин билдирүүсүндө, жергиликтүү бийлик шаардын 50 миңдей тургунун толугу менен эвакуациялады.

Алдын-ала маалыматтар боюнча Парадайс шаарында миңге чукул турак үй өрттөнүп, бир нече адам каза болгон. Так саны аныктала элек.

Эске салсак, Американын аталган шаарында ушул жылдын жай мезгилинде дагы өрт чыгып, 500 үйдү жок кылган. Жаратылыш кырсыгынан 12 миң адам эвакуацияланып, 13 киши каза болгон.

224
Белгилер:
кырсык, Өрт, АКШ
Тема боюнча
Бишкекте көп кабаттуу турак жай өрттөнүп жатат. Жалындаган үйдүн видеосу
Пикирлер