Рузибоев бразилиялык мушкерди тизеси менен нокаутка кетирди. Видео

Жазылуу
WEF Global уюмунун чемпиону, өзбекстандык мушкер Нурсултан Рузибоев бразилиялык атаандашы Маргос Соузаны жеңип, наамын коргоп калды.

Мушкерлер 10-ноябрда борбордо өткөн WEF Global 14 жана Arzalet FCG биргелешкен турниринин алкагында 84 килограмм салмакта күч сынашты.

Тайсон тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Тайсон" тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу
Бразилиялык мушкер жиу-житсу боюнча кара курдун ээси болгондуктан өзбек мушкерин биринчи раундда эле партерге (күрөш ыкмалары. — ред.) жыккан, бирок төртүнчү раундга келгенде Соуза адатынча атаандашынын бутуна кирейин дегенде Рузибоев аны сокку менен тосуп алды. Рефери спортчу техникалык нокаут жасаганы үчүн жеңишти ыйгарды.

Рузибоев ММА боюнча 21 беттешти утуп, беш ирет жеңилген. Ал эми Соуза жети турнирди жеңип, биринчи жолу жеңилүү ызасын тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0