Ичинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео

Жазылуу
№38 автобус ичи толо жүргүнчүлөрү менен каршы тилкеге чыгып, 100 метрдей жүргөн. Окуя "Кудайберген" базарына жакын аймакта болгон.

Окуяга күбө болгон окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине 7210ВВ мамлекеттик номерлүү №38 автобус каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгын жараткан абал түзгөнүн айтты.

Зима в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол эрежесин бузган кыргызстандыктарга "Призма" системасы көз салат
Окурман ал учурду видеого тартып, WhatsApp каналга жиберген. Анда жол эрежеси бузулгандыктан, башка кичи автобус өтө албай тургандыгын көрүүгө болот. Видеонун ээсинин айтымында, окуя 12-ноябрда болжол менен саат 12.30да болгон.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктан аталган видео боюнча айдоочу түшүнүк берүү үчүн чакырылып, тиешелүү протокол түзүлгөндүгүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0