Мышыкты аткылап аны телефонго тарткан жаран кармалды. Видео

Жазылуу
Окуя Жалал-Абад шаарында бир ай мурда болгонун милиция аныктады.

Пневматикалык мылтыктан мышыкты эки жолу атып өлтүрүп, аны видеого тарткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Суд над убийством собаки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биринчи жолу иттин өлүмү боюнча киши соттолду
Белгилей кетсек, социалдык тармакта тараган видеодо киши мылтыгын алып арыкта жаткан мышыкты атканын көрүүгө болот. Анын бул кылыгы интернет колдонуучулардын арасында түрдүү пикирлерди жараткан. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги жаныбарга ырайымсыз мамиле жасаган жаран Кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы ыктымалдыгын билдирген.

Маалымат таркаган соң Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери да териштирип, видеодогу атуулдун ким экени аныкталып, ички иштер башкармалыгына алынып келген. 

"Мындан бир ай мурда, 5-октябрда саат 12:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Ильяз Кубатбеков үйүнүн алдындагы короосунда өзүнүн бир жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, ага өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жарандын кылыгы "Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо" фактысы катары бааланып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0