Балык эмес, кит эмес... Жаңы Зеландиядагы белгисиз жандык тартылган видео

748
(жаңыланган 09:19 15.11.2018)
Ак кездеме сымал жандыктын узундугу 8 метрге жетип, суу түбүндө каалгып жүргөн.

Буга чейин көптөргө белгисиз болгон деңиз жаныбарын дайверлер Жаңы Зеландиядан тартып алышкан. Видео YouTube каналына жарыяланды.

Бул деңиз жаныбары тууралуу дайверлер алды-кийин маалымат укпагандыгы айтылган.

Ал арада окумуштуулар жандык илимге белгилүү экендигин, алар өзүнчө түргө таандык болгон, биригип кеткенде узун курт сымал көрүнөрүн айтышты. Булар жылуулукту сүйгөндүктөн, экватордук жана тропиктик сууларды байырлай турганы белгилүү болду.

748
Белгилер:
жаныбарлар, океан, Жаңы Зеландия
Тема боюнча
Өлгөн киттин этин жеш үчүн акула жээкке чыккан. Видео
Киттин куйругу аз жерден туристтердин кайыгын кыйратып сала жаздады. Видео

Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

565
Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

12-июнга караган түнү Рим шаарында Евро-2020 старт алып, оюнду Түркия менен Италиянын курама командалары ачып берди.

Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.

Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.

565
Белгилер:
автогол, Италия, Түркия, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу

Быйыл Кыргызстанда Россия күнү алгачкы ирет масштабдуу түрдө белгиленди. Видео

87
(жаңыланган 18:18 12.06.2021)
Бүгүн борбор калаада Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди.

Ошондой эле орус тамактарынан даам татуу, Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

"Кыргызстан менен Россиянын тарыхы бир, достук мамилеси бекем өлкөлөр. Ошондуктан биз элдик оюн-зоок стилиндеги майрам уюштурууну чечтик. Бири-биризге руханий жактан көбүрөөк аралашуу дурус, андыктан биз Карамзиндин "Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир гана кара күч эмес, адеп-ахлак дагы керек" деген сөзүн слоган катары алдык. Бизди бириктирип турган жан дүйнө, салт-санаа тууралуу сүйлөшкүбүз келди", — деди фестивалдын уюштуруучусу Галина Кетова.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкек, Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү.

87
Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Норканын терилери. Архив

Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды

0
(жаңыланган 11:14 13.06.2021)
Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды. Бул тууралуу National Geographic жазды.

Жапайы жаныбарларды коргоо жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы колдогон. Ал 2021-жылдын декабрь айында күчүнө кирет. Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койгон.

Израилде мындан ары аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга лицензия берилбей турганы айтылат. Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок мыйзамда бир нерсеге уруксат берилген: аң терилери илим-изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонулат. Бул хасид жамааттары (штраймл) кара териден тигилген баш кийим кийгендери менен байланыштуу.

Дүйнөлүк уюмдар бул кадамды "тарыхый жеңиш" деп атаган.

0
Белгилер:
мыйзам, тыюу салуу, сатуу, тери, жаныбарлар, Израиль
Тема боюнча
Кочкордогу фотокапканга түшкөн жаныбарлардын жаңы сүрөттөрү