Кытайда кыз жигитин тамашалайм деп поезд алдында өлүп кала жаздады

Жазылуу
Аны акыркы секундаларда куткарып калышкан.

Кытайдын Нанкин шаарында кыз жигитин тамашага салуу үчүн поезддин темир жол платформасына секирген. Окуя видео байкоого жазылып калганын Newsflare порталы жазды.

Маалыматта окуя жаштар поездди күтүп турган учурда болгону айтылат. Кыз менен жигит талашып-тартыша кетип, жыйынтыгында кыз поезддин рельсине секирип кеткен. Аны акыркы секундаларда гана алып чыгып, куткарып калышкан.

"Мен секирип түшөрүм менен ошол замат эле кимдир бирөө сууруп чыкты. Поезд бутумдун учунан тийип-тийбей өткөндө аябай жүрөгүм түшүп калды", — деген кыз журналисттерге.

Жыйынтыгында кызга 200 юань (2000 сомдун тегереги) айып салынган.

Сүйгөн адамыңды таң калтыруу үчүн эмнеге гана барбайсың. Филиппинде жигит болочок жарынын колун суроо үчүн атайылап жол кырсыгына кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0