Канадада үйдүн алдында турган камера "арбакты" тартып алган. Видео

Жазылуу
Иттин адаттан тыш аракети үй ээсин видеокамераны карап көрүүгө түрткү болгон.

Канаданын 46 жаштагы тургуну Мени Питошья үйүнүн кире беришинде турган камерага тартылган видеону жарыялады. Анда белгисиз сөлөкөт пайда болуп, камеранын алдынан өтүп кеткенин көрүүгө болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ит катуу үрүп, үйдүн эшигине чуркап келди. Мен посылка күтүп жаткандыктан курьер келди го деп ойлоп, сыртка чыксам эч ким жок", — деди Питошья.

Ал ошондой эле иттин адаттан тыш аракети үйдүн алдына коюлган видеокамераны карап көрүүгө түрткү болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0