Бишкекте ит атарлар жолбун иттерди атышты

Жазылуу
Мэриянын жолбун иттерге каршы күрөшүү бөлүмү окуяга түшүндүрмө берди.

Бишкектин Туңгуч кичи районунда ит атылып, жерде кандын тактары калганын окурмандар "Бишкек сегодня" Telegram каналына жазышкан. 

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 19-ноябрда, саат 7:00дөр чамасында болгон.

"Итти үйүбүздүн алдынан атып кетишти. Кызым коркуп, ыйлап жатат. Жерде кандын тагы калды. Итти балдар ойночу аллея менен сүйрөп өтүшүптүр. Бул нерсе балдарды психологиялык жактан жабыркатат", — деди ал.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жолбун иттерге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Болот Калиев иттер атылганын тастыктады. Анын айтымында, жолбун иттердин көп жүргөнү боюнча тургундардын арыз түшкөн.

"Аларга көңүл бурбай коё албайбыз. Анткени мындай иттер балдарга жана чоң кишилерге коркунуч жаратат. Биздин кызматкерлер да иттерди жакшы көрөт, бирок кимдир бирөө бул иш менен алектениши керек да. Аларга иттин атылганын эч ким көрбөсүн жана из калтырбагыла деп түшүндүрмө беребиз", — деди Калиев.

Ал ошондой эле кызматкерлерге түшүндүрүү иштери кайрадан тыкыр жүргүзүлөт деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0