Бишкек кара түтүндөн улам таанылбай калганда. Видео

335
(жаңыланган 11:40 20.11.2018)
Бүгүнкү Бишкек асмандан так ушундай көрүнөт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин оператору дрондун жардамы менен Бишкектин бийиктиктен көрүнүшүн видеого тартып алды.

Жыл сайын кышында дал ушул көйгөй көтөрүлөт. Экологдордун айтымында, жер тамда жашагандар көмүр жаккандыктан жана автоунаадан чыккан газ Бишкектин асманын катмар сыяктуу каптап калат.

Андан сырткары, шаар куруудагы план бузулгандыктан шаарда жел да болбойт.

Буга чейин мурдагы юстиция министри Уран Ахметов шаарды каптап турган кара түтүндүн сүрөтүн жарыялап, зыяндуу газдын көлөмү бир метр кубга 25 микрограммдан ашпашы керектигин, бирок бүгүнкү көрсөткүч 791 микрограммга жетип калганын жазган.

335
Белгилер:
асман, түтүн, видео, Бишкек
Тема боюнча
Ушул аба менен дем алып жатабызбы? Бишкекти каптаган кара түтүн
Мамбеталиева: туризмди өнүктүрөбүз деп экологияны кордоп жатабыз

Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео

299
Учурда Тоолуу Карабахта октун үнү жаңырып жаткан кезде дүйнө коомчулугу Азербайжан менен Арменияны кепке келүүгө чакырып жатат. Көз карандысыздыгы таанылбаган өлкөдөгү абалга Бириккен Улуттар Уюму, Европа биримдиги, албетте, анан Россия байкоо салып турат.

Россия президентинин маалымат катчысы Москва "андан аркы кадамдарды аныктап алуу үчүн" окуяга баа берип карап жаткандыгын айтты.

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

Ал арада Түркия Азербайжандын кадамдарын колдой тургандыгын ачык жар салды. Дмитрий Песковдун пикиринде, бул отко май чачкандык. Эл аралык коомчулуктун бул окуя боюнча реакциясын бир видеого топтодук.

299
Белгилер:
чакырык, Түркия, ЕБ, БУУ, Россия, Армения, Азербайжан, Тоолуу Карабах
Тема боюнча
Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...
БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы эрегиш боюнча билдирүү жасады

Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео

264
(жаңыланган 16:13 29.09.2020)
Тоолуу Карабахта чатак кайрадан ырбады. 27-сентябрда таанылбаган республикада куралдуу кагылышуу башталып кетти.

Тирешкен Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп жатат. Эки жак тең каршылаш тарап кол салып, кайра чабуул жасоого мажбур кылды деген билдирүү таратты. Анын кесепетинен жай жарандар менен аскерлер көз жумду.

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Мындай тирешүү Карабахта 1994-жылдан бери кайталана элек болчу. Анда согуштук кагылышуу токтоп, бирок конфронтация уланып келе жаткан. Юридикалык жактан алганда Тоолуу Карабах Азербайжандын жери. Анткен менен 1991-жылы референдумдун негизинде республика өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Бирок анын көз карандысыздыгын дүйнө азыркыга чейин тааный элек. Эзелтен бери Карабахта армяндар көбүрөөк санда жашап келет. Талаштуу аймактагы курчуган азыркы абал тууралуу биздин видеодон көрүңүз.

264
Белгилер:
өлүм, атышуу, согуш, чатак, Армения, Азербайжан, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

0
(жаңыланган 21:49 30.09.2020)

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана беткап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

Маалымат толукталат

0