Деңиздин катуу толкуну мейманкананын балкондорун шыпырып кетти. Видео

Жазылуу
Деңиздеги алай-дүлөй шамалдан улам кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланды.

Испаниянын Тенерифе курорттук аймагында деңиз жээгинде жайгашкан мейманкананы каптап, балкондорун шыпырып кеткен толкундун видеосу интернетке жарыяланды.

Маалыматта бул аймактагы деңиздерде алай-дүлөй болгон катуу шамал жүрүп жатканы айтылат. Жергиликтүү ЖМКлардын билдиришинче, узаган жекшембиде толкундун бийиктиги алты метрге чейин көтөрүлгөн. Деңиз жээгиндеги аймактар тосулуп калган.

​Валенсия жана Аликанте шаарларында кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланды. Метеорологдордун божомолу боюнча жакынкы күндөрү Канар аралдарында аба ырайы бир аз турукташа баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0