Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы наристелерге кол көтөрдү. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына окурман бала бакчада тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, кол көтөргөн видеону жиберген.

Маалыматка караганда, видео бир апта мурда тартылган. 

Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео
Кадрларда көрүнүп тургандай, топ балдардын арасында отурган аял кыйкырып-өкүрүп, бир маалда балдардын бирин чекеге чабат. Экинчи видеодо ошол эле аял балдарга бир нерсени түшүндүрүп жатып, ыйлаган кызды колунан жулкуп, четке сүйрөп кеткенин көрүүгө болот. 

Окурмандын айтымында, видео бир жума мурда Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын биринде тартылган жана мындай көрүнүш ал жерде байма-бай кайталанып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0