Жеңишин өзгөчө майрамдаган ММА мушкери эки бутун жабыркатып алды. Видео

Жазылуу
Almighty Fighting Championship 10 чемпионатында аралаш мушташ боюнча британиялык спортчу Джек Калшоу

Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бети жарылып, колу-буту кайрылган спортчулар. WEF турниринин видеосу
Калшоу атаандашы Зак Эдвардсты биринчи раундда эле нокаутка жөнөткөн. Беттеш токтотулгандан кийин Калшоу кубанганынан бир секирип эле октагондун кырына чыгып, кайра түшкөндө туура эмес жыгылып калган.

MMA Fighting уюмунун маалыматы боюнча спортчу алган оор жаракатынан улам кийинки беттешине катыша албайт. Мелдеш декабрдын башында тартууланмак, ал эми Калшоу ушу жылдын соңуна чейин дарыланмай болду.

"Рентгенге тартылдым, сөөктөрүм аман экен. Тиземдин томугу чыгып кетиптир, сол тизем да оңбой калганын айтышууда. Оң бутумду бүткөндөн кийин сол бутумду дарылай баштайм", — деген ал.

Ал эми доктурлар Калшоуну буттары көп жылдан берки чуркоодон жана машыгуудан улам алсырап калганын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0