https://sputnik.kg/20181123/beshik-termetken-kichinekey-nariste-1042121126.html
Оозунда упчу, терметкени бешик. Баткендеги наристенин жүрөк элжиреткен видеосу
Оозунда упчу, терметкени бешик. Баткендеги наристенин жүрөк элжиреткен видеосу
Sputnik Кыргызстан
Интернетке оозунда упчусу бар бөбөктүн бешикте жаткан наристени терметип, ал эми чыргоолоно баштаганда кадимкидей эле чоңдорчо алдейлеп жаткан видео тарады... 23.11.2018, Sputnik Кыргызстан
2018-11-23T15:19+0600
2018-11-23T15:19+0600
2021-12-15T22:13+0600
https://sputnik.kg/img/104212/09/1042120988_1:0:1272:719_1920x0_80_0_0_ece92727a3a77ddc1d669823a4541ab9.jpg
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2018
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104212/09/1042120988_65:0:1208:719_1920x0_80_0_0_cc2b36aa9207c6cd3eab5cc37bf89b0d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
кыргызстан, мультимедиа, коом, видео, жаңылыктар, баткен
кыргызстан, мультимедиа, коом, видео, жаңылыктар, баткен
Оозунда упчу, терметкени бешик. Баткендеги наристенин жүрөк элжиреткен видеосу
15:19 23.11.2018 (Жаңыртылды: 22:13 15.12.2021) Интернетке оозунда упчусу бар бөбөктүн бешикте жаткан наристени терметип, ал эми чыргоолоно баштаганда кадимкидей эле чоңдорчо алдейлеп жаткан видео тарады. Sputnik Кыргызстан видеонун кайда тартылгандыгын жана кичинекей кыздын энесин таап, байланышты.
Бешиктеги наристени терметип отурган кичинекей бөбөк Мунира Ибрагимова учурда Баткен районунун Сай айылында жашайт экен.
Гүлчехра Уучиева интернет колдонуучулардын жүрөгүн элжиреткен кызы Мунира туурасында айтып берип жатып, анын өтө зирек жана жароокер экендигин кошумчалады.
28 Жалган Куран 2018, 16:24
"Кызым тогуз жыл күтүп жүрүп тапкан перзентибиз. Азыр бир жашар 10 ай. Ал эми уулум алты айлык. Мен негизинен үй жумуштары менен алекмин. Мунира чоң энесине да жардамчы. Кээде жумшап баланы термет десем, тыпыйып отуруп алып айтканымды кылат. Мен бешик ырын ырдасам, көңүл коюп угат. Телевизордон көргөндөрүн туурап ырдайт, бийлейт. Өзү негизи куйма кулак", — деди Гүлчехра Уучиева.
Ал кызынын бул видеосун кантип тартып алганын айтып берди.
"Тамак жасап, кайра чуркап барып бешик терметип жатканымды көрдү окшойт. Дивандан туруп келип бөбөгүн карап, алдей айтканын көрүп, жүрөгүм элжиреп кетти. Дароо видеого тартып алдым", — деди апасы.
Энеси Муниранын атасы Москвада иштээрин кошумчалады.
Буга чейин да социалдык тармакка оюнчук ат минген улакчы бөбөктүн видеосу тараган.