Баткенде киши колдуу болгон прокурордун денеси 80 пайызга күйгөн. Чоо-жайы

Жазылуу
Баткенде өлтүрүлгөн облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгүн туугандары күйүп калган кийиминин калдыктарынан тааныган.

Киши колдуу болгон облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү табылганда анын 80 пайызы күйүп калганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Арстан Усанов билдирди.

Анын айтымында, адамдын сөөгү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон саат 6:30дар чамасында табылган.

"Адистер билдиргендей, маркумдун сөөгү 80 пайызга күйүк алган. Ал Анарбай Мамажакыпов экенин туугандары кийиминин калдыктарынан тааныган", — деди ал.

Усанов окуя болгон жерден сайсыз мылтыктын атылган гилзасы табылганын, издөө иштери учурунда шектүүнүн үйүнөн сайсыз мылтык менен октору табылганын кошумчалады. Андан сырткары, шектүү катары кармалган М.К. аттуу жаран жасаган кылмышын моюнга алган.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайлар чыкты
"Шектүү М.К. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов менен чырдашып, мушташ болгонун моюнга алган. Ал Мамажакыповду атып, кийин кылмышын жашыруу максатында аны өрттөп салганын көрсөтмөсүндө билдирген", — деди Усанов.

Эске сала кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин анын прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0