Ирандагы зилзаладан жабыркагандардын саны 550гө жетти. Видео

622
(жаңыланган 18:55 27.11.2018)
Жер жекшемби күнү Иран-Ирак чек арасынын аймагында силкинген.

Иранда болгон зилзаладан жабыркагандардын саны 550гө жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Ош шаары. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Силкинүүнүн күчү Керманшах жана Илам провинцияларында, Ирак менен Азербайжанда сезилген.

Буга чейин провинциядагы үч шаарда Гилянгарб, Касре Ширин жана Сере-Поле-Захобдо 361 адам жаракат алганы айтылган. Ирактын Rudaw телеканалы маалымдагандай, Ирактын Курдистанында дагы 43 киши жабыркаган.

Европа жер ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, күчү 6,3 магнитудага жеткен силкинүү жекшемби күнү Иран-Ирак чек арасынын аймагында катталды.

622
Белгилер:
Иран, Ирак, жер титирөө
Тема боюнча
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти. Сүрөт
10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу

Камгактай учуруп... Нарын университетинин чатырын шамал алып кеткен видео

441
(жаңыланган 14:16 31.07.2021)
Кырсык 30-июль күнү болгон. Шаар тургуну чатырдагы тунукелер шамалга учуп, жолго түшүп жаткан кадрды жарыялады.

Катуу шамал Нарын мамлекеттик университетинин эски имаратынын чатырын учуруп кетти.

Кырсык катталган учур Нарын шаарынын тургуну Алмаз Бергеншаевдин автоунаасындагы видеобайкоого тартылып калган. Ал кадрды Facebook баракчасына жарыялады.

Күбөнүн айтымында, окуя кечээ, 30-июлда, болгон.

Нарын мамлекеттик университетинин имараты авариялык абалда тургандыктан учурда колдонулбайт.

441
Белгилер:
Нарын, Университет, шамал, чатыр
Тема боюнча
Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео

Эки баштуу жылан эки чычканды бир убакта жеп... Таң калтырган видео

411
(жаңыланган 12:31 31.07.2021)
Мичиганда сойлоп жүрүүчүлөрдүн зоопаркын негиздеген Брайан Барчик эки баштуу жыланы — Бен менен Жерри кантип тамактанарын көрсөттү.

Видеодон сары темгилдери бар эки баштуу күрөң жылан бир убакта эки чычканды жутуп жатканын көрүүгө болот.

"National Geographic Россия" сайтынын жазышынча, Бен менен Жерри уусу жок жыландар. Ал АКШнын бир катар штаттары менен Мексикада кездешет. Узундугу ашып кетсе 1,5 метрге жетип, өңү агала, карала, кээде сары, күрөң, сары-кара, аппак да болот.

Мындай жыландар көбүнчө кемирүүчүлөр, канаттуулар, башка сойлоочулар жана амфибиялар менен азыктанат. Алардын жаак булчуңдары питонго караганда күчтүү келери айтылат.

Агенттик адамдарда эмбриондордун туура эмес бөлүштүрүлүшү сиам эгиздеринин төрөлүшүнөн алып келсе, жаныбарларда да ушундай көрүнүштөр болорун Бен менен Жерри тастыктап турарын белгилеген. Дүйнөдө эки баштуу жылан менен таш бакалар 10 миң учурдун бирөөсүнө туура келет. Ошондо дагы көпкө жашай албайт.

411
Белгилер:
жылан, чычкан, тамактануу, видео
Тема боюнча
Жылан кишини аз жерден муунтуп кое жаздады. Австралияда тартылган видео
Ак үйдүн жанындагы жылан. Фотофакт
Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен

Кеминде автоунаа жолдон чыгып кетип, 20 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

0
Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Куткаруучулар жигиттин сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 жаштагы улан каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдон чыгып оодарылып кеткен.

"Жол кырсыгынан Э.И. аттуу 20 жаштагы жигит көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин Кемин районундагы төрт куткаруучусу тартылган. Алар каза болгон баланын сөөгүн автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

0
Белгилер:
Чүй облусу, Кемин району, жол кырсык, жигит, өлүм, ӨКМ
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу