БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Индияда адаттан тыш окуя болуп, 24 жаштагы жигит сүйгөн кызына өлгөндөн кийин үйлөнүп, селкинин сөөгүнүн алдында дүйнөдөн так өтөм деп ант берген. Маалыматты The Mirror басылмасы жазган.
Ал эми окуянын видеосун Youtube жарыялады.
Билдирүүдө кыз автокырсыктан көз жумгандыгы айтылат.
Жигит жергиликтүү элдин салтына ылайык, үйлөнгөндөргө тиешелүү ырымдарды жасаган. Кыздын башына синдур боегун сээп, чекесин майлап, өмүрүнүн аягына чейин эч бир аялга жолобой тургандыгын айтып, касам ичкен.Кызды акыркы сапарга узатуу тажыясына келгендер мындай көрүнүшкө таңгалуу менен карап, кээ бирлери телефон аппаратына тартып алган. Ал эми уландын энеси көз жашын тыя албай, уулун ниетинен баш тарттырууга аракет кылып жаткандыгын көрүүгө болот.
Кыз-жигит бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүрүп, жакында үйлөнүү тоюн өткөрүү максатында болгонун айтты.
Ийгиликти тестирлөө да, социалдык аралык да, вакцинация да камсыздап жатат. Эмдөөсүз жамааттык иммунитетке жетишүү мүмкүнбү? "Спутник V" препаратынын жеңилдетилген версиясы качан даяр болот? COVID-19дан түп-орду менен кутула алабызбы? Суроолорго жоопту биздин видеодон ала аласыз.
Кыргызстанга акциздик белгиси жок 500 миң таңгактан ашык тамеки ташылып келгенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
"Ирандан тамеки өнүмдөрүн Кыргызстандын жараны А.Н. деген адамдын аты менен алып келишкен. Бул жаран эч кандай экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбейт, салык органдарында каттоодон өткөн эмес. Аткезчилик жол менен алып келинген тамекинин саны 500 миң таңгактан ашат", — деп айтылат маалыматта.
Финансы полициясынын алдын ала эсептөөсү боюнча, ташып келинген чылымдын акциздик салыгы 20,7 миллион сомду түзмөк.
Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн ЭККККнын тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда мамлекеттин казынасына 3 миллион 500 миң сом зыян алып келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органы текшерүү учурунда министрликте дарыларды сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.
"Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын эсебинен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн алкагында башка дары-дармектер менен катар лопинавир/ритонавир препаратын сатып алганы аныкталды. Кийинчерээк ал банк тарабынан баалоо баскычында сатылып алынган дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.
Бирок буга карабастан, министрлик чукул зарылчылыктан улам 2020-жылдын 13-апрелинде республикалык бюджеттин эсебинен "М" ЖЧКсы ишканасынан жалпы баасы 3,5 миллион сомго калидавир (аналогдук) дарысын түз сатып алган. Препарат ошол боюнча кампада турат, эч бир ооруканаларга бөлүштүрүлгөн эмес.
Аталган министрликтин жетекчилиги жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 3,5 миллион сомдук бюджеттик каражат негизсиз пайдаланылып, калидавир дарысы алынган. Муну менен казынага ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ишти ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн текшерүүнүн материалдары Башкы прокуратуранын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.