Америкалык журнал көкбөрү тууралуу кино тартты. Трейлер

2182
(жаңыланган 13:08 02.12.2018)
Спорт тууралуу маалыматтарга адистешкен Sports Illustrated журналы кыргыздын улуттук көкбөрү оюну тууралуу даректүү тасма тартты. Тасма жакында көрүүчүлөргө тартууланган.

"Унутулган оюндар" (The Lost Games) деп аталган фильм сентябрь айында өткөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары учурунда тартылган. Сайтта чыгармачыл топ жер шарындагы эң уникалдуу спорттук иш-чараларын тартып алганы маалымдалат.

17 мүнөттүк тасмада оюндун жаралуу тарыхы тууралуу баяндалат. Авторлор Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары унутулуп бараткан этноспортту өнүктүрүүгө жакшы аянтча болорун баса белгилешкен.

"Америкалыктар спорттогу "көкбөрү" тууралуу сүйлөшө келгенде биринчи эле оюна Brady менен Rodgers командаларынын оюнчулары Леброн Жеймс менен Майкл Жордандын оюнун эстешет. Бирок Көчмөндөр оюндарынын мекени болгон Кыргызстанда "көкбөрү" түз маанисинде кабыл алынат. Анткени өлкөнүн улуттук оюнунда башы кесилген улак тартылат", — деп айтылат Sports Illustrated сайтында.

Даректүү тасмада Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук командасынын улакчылары жана оюндун эрежелерин тез арада өздөштүргөн АКШнын курамасы тууралуу да баяндалат.

Sports Illustrated журналы 1954-жылы жарыкка чыккан. Учурда 3,2 миллион тираж менен басылат. Журнал жыл сайын "Жылдын спортчусу" деген сыйлык ыйгарып келет. Андан сырткары, даректүү тасмаларды, белгилүү спортчулардын катышуусу менен реалити-шоуларды тартат.

2182
Белгилер:
даректүү тасма, Көк бөрү, АКШ
Тема боюнча
Чүйдүн улакчылары Кыргызстандын чемпиону болду. Сүрөт
Оюнчук ат минип көк бөрү ойногон бөбөк соцтармактагыларды элжиретти. Видео

Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

140
(жаңыланган 13:00 22.09.2020)
Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

Окуя 17-сентябрь күнү Ченнай шаарында болгонун Times of India агенттиги жазды. Эл көчөдө премьер-министр Нарендра Модинин туулган күнүн белгилеп жаткан. Уюштуруучулар бир боого байланган 100дөй шардын жанында фейерверк аттырып, жыйынтыгында шарлар жарылып кеткен. Видеодон ошол маалда кадимкидей жалын чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кара түтүн менен кызыл жалын каптап... Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Видео

Кырсыктан 30дай кишинин ар кайсы жери күйүп, ооруканага кайрылышты. Жергиликтүү бийлик мындай иш-чарага уруксат берилбегенин айтууда.

140
Белгилер:
жабырлануучу, жарылуу, Индия
Тема боюнча
Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык жигит ооруканага түштү
Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда

Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

81
(жаңыланган 10:17 22.09.2020)
Грузияда "Татыктуу өнөктөш-2020" машыгуусу аяктады. Маневрларга катышуу үчүн 3 миңге чукул адам Польша, Франция, Улуу Британия, АКШ жана Грузиянын өзүнөн тартылды.

АКШнын Грузиядагы элчиси өлкөлөр биргелешкен күчтөр менен аскердик даярдыгын жакшыртып жана Кара деңиз аймагындагы коопсуздук абалды колдоо максатын көздөгөндүгүн айтышты. Бирок мындай билдирүүнүн артында эмне жатат? Эмне үчүн НАТО аскерлери окутуу жүргүзүүдө Грузияны тандап алган. Россия бул машыгуулар туурасында кандай ойдо? Суроолорго видеодон жооп алууга болот.

81
Белгилер:
Аскер, машыгуу, Кара деңиз, НАТО, Грузия, АКШ, Россия
Тема боюнча
"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?
Күйүп жаткан унаа. Архив

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

69
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралгандыктан айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында унаа капталына кулап, күйүп кетти. Жабыркагандар бар. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми жеринен тартылган видеону Instagram тиркемесиндеги Shtraf.kg баракчасы жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Кадрдан көрүнүп тургандай, кырсыктын күбөлөрү Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын ичинен жүргүнчүлөрдү чыгарууга жардам беришкен. Унаанын ичинде үч чоң адам жана эки бала болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык кечээ күнү саат 14:00дөр чамасында, трассанын 117-чакырымында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралган. Натыйжада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа капталына оодарылып, өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жубайы жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылды.

69
Белгилер:
жол кырсык, трасса, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу автокырсыктан 10 киши жабыркады