(0:58 / 7.66Mb / )

Оюлган трасса, жарактан чыккан имараттар. Аляскадагы зилзаладан кийинки видео

802
(жаңыланган 16:46 05.12.2018)
АКШнын Аляска штатында күчү 7,2 баллга жеткен зилзала болду.

Жаратылыш кырсыгы Анкоридж шаарынан анча алыс эмес жерде болду. Анын кесепетинен турак жайлар менен шаардын инфраструктурасы жарактан чыкты.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Аймактагы мектептер жабылып, ооруканада операциялар жасалбай жатат. Анткен менен Анкоридж шаарындагы аэропорт өз ишин улантууда, бирок көпчүлүк каттамдар кечиктирилип аткарылууда.

Аляскада өзгөчө кырдаал жарыяланды.

802
Белгилер:
видео, жер титирөө, Аляска, АКШ
Тема боюнча
Ирандагы зилзаладан жабыркагандардын саны 550гө жетти. Видео
10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу

Эч ким көрө элек кадрлар. Кыргызстандын жапайы жаратылышы видеодо

183
(жаңыланган 13:22 11.08.2020)
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз жана Күрмөнтү өрөөнүнүн бийик аймактарына жыйырмадан ашык фотокапкан коюлган.

Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы филиалы 2013-жылдан бери жаратылыш койнуна орнотулган камералардын жардамы менен мониторинг жүргүзүп келет. Азыркы көрсөтүлүп жаткан кадрлар 2014-жылы тартылганы менен эч жерге жарыяланган эмес.

Ок жеп, көзү көрбөй калган илбирстин абалы айтылды. Сүрөт

Фотокапкан илбирстердин терисиндеги темгили аркылуу анын өзгөчөлүгүн аныктоого жардам берет. Бул адамдардын колунун изиндей болгон эле уникалдуулук экендигин аталган уюмдан айтышты.

183
Белгилер:
фотокапкан, илбирс, Күрмөнтү айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан
Тема боюнча
Тоо текенин этин аймаган ак илбирс. Фотокапканга түшүп калган жырткыч

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

277
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

277
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкерлери. Архив

КРде жалпы канча киши коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Өкмөттүн божомолу

0
(жаңыланган 14:58 11.08.2020)
Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 4,2 миллион адам вируска чалдыгышы ыктымал.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстан калкынын үчтөн эки бөлүгү COVID-19га чалдыккан жок, же илдет симптомсуз өтүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов ачык булактагы маалыматтарга таянып брифинг учурунда билдирди.

"Ооруп калган бир бөлүгү сан менен айтканда 1,4 миллион киши. Булардын ичинен 466 миң адам жеңил формада ооруп, дарыгерлердин жардамысыз сакайып жатат", — деди Боронов.

Ошондой эле ал Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 4,2 миллион адам вируска чалдыгышы ыктымал экенин эскертти.

Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 20 миллиондон ашты

"Бул тогуз жаштан жогорку жарандардын саны. Андан ылдыйкы курактагылар арасында ооруп калгандар өтө аз болгондуктан, эсептен алып салынды", — деди Боронов.

Эске салсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 40 755 киши вируска кабылды.

0
Белгилер:
божомол, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 278 адам аныкталды