Түтөгөн имарат, чуркаган өрт өчүрүүчүлөр. "Ош" базарындагы өрттүн видеосу

1069
(жаңыланган 10:39 05.12.2018)
Бишкек шаарында 3-декабрдан 4үнө караган түнү "Ош" базарында өрт чыкты.

өрт кызматкерлери. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ӨКМ ага тилсиз жоо менен күрөшкөн алты бригада жана ИИМдин кызматкерлери тартылгандыгын айтты. 

Өрт туурасында маалымат 23.39да түшкөн. Анда Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде контейнерлер күйүп жатканы кабарланган. 

Окуяга күбө болгондор ошол жердеги кафе жана кийим саткан базар жалындын ичинде калганын айтышты. Өрт саат 0.52де чектелди.

1069
Белгилер:
өрт кырсыгы, Ош базары
Тема боюнча
"Ош" базары кайрадан өрттөнүп жатат. Сүрөт, видео
Пикирлер