Жүрөктүн үшүн алат! Оштогу эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгынын видеосу

Жазылуу
Айдоочу алдынан чыккан унааны буйтап өтөм деп жол жээгинде токтоп турган жүк ташуучу унааны бетме-бет сүзүп алган.

Кесепетинде 32 жаштагы кыргызстандык жана 51 жаштагы Кытай жараны каза тапканын облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы Ош — Сары-Таш унаа жолунун 18-чакырымында, тагыраагы, Кара-Суу районунун Каратай айылында болгон. КамАЗды сүзүп алган Toyota Avensis унаасынын айдоочусу менен төрт жүргүнчүсү облустук ооруканага жеткирилип, ал жактан экөө каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0