Кыргызстандык мушкер Малайзияда жеңишке жетти. Видео

464
(жаңыланган 23:25 08.12.2018)
Кямран Аббасов малайзиялык Агилан Тани менен таймашты.

Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов Малайзияда өткөн аралаш жекеме-жеке мушташуу боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетти. Таймаштын видеосу иш-чаранын уюштуруучуларынын YouTube каналына жүктөлдү. 

7-декабрь күнү Куала-Лумпур шаарында Destiny of Champions мелдеши болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу One FC ММА мелдештерин өткөрүп жүргөн атактуу уюмдардын бири. Мелдеште дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 22 спортчу күч сынашты. 

Кямран Аббасов малайзиялык Агилан Тани менен таймашып, биринчи раундунда эле жеңип алды. 

Бул анын профессионалдык рингдеги жыйырманчы жеңиши.

Кыргызстандык мушкердин таймашы видеонун үчүнчү саатынын 27 мүнөтүнөн башталат. 

464
Белгилер:
жеңиш, мелдеш, Кямран Аббасов, Малайзия
Тема боюнча
Шевченко: өз акымдан сырткары корей кыздын акчасынан да алмай болдум
Жеңил атлет Дарья Маслова Кытайдагы ШКУ марафонунда коло тагынды
Пикирлер