Өрт экен! Рамзан Кадыровдун кыздарына тапанча атууну үйрөткөн машыктыруучу

Жазылуу
Анын окуучуларынын арасында Рамзан Кадыровдун кыздары — Хутмат менен Табарик да бар.

Казакстандын практикалык атуу боюнча чемпиону Анна Янц учурда Чеченстанда жашап, Россиянын атайын даярдыктагы аскерлерин даярдоочу университетте студенттерге сабак берет.

Ал кыздарга тапанчаны туура кармап, таамай атууну үйрөтөт. Анын окуучуларынын арасында Рамзан Кадыровдун кыздары — Хутмат менен Табарик да бар.

Чемпион кыз сергек жашоо мүнөзүн карманат жана социалдык тармактагы баракчаларына туура тамактануу жөнүндө кеп-кеңештерин жазып турат. Андан сырткары, саякат, кулинария жана сүрөт тартууга кызыгат.

Анна Янц атуу боюнча эле инструктор эмес, спорт калысы дагы. Ошондой эле Казакстандын IPSC (Практикалык атуу боюнча эл аралык конфедерация) калыстарынын вице-президенти.

Жаңылыктар түрмөгү
0