Миллиондогон акча чыкты! Зилалиевдин үй-жайын тинткендеги видео

21862
(жаңыланган 19:40 11.12.2018)
УКМК мыйзамсыз түрдө байлык топтогон деп кармаган мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев жашаган үйдү жана ага тиешелүү объектилерди тинтүүгө алды.

Буга чейин анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы маалымдалган.

Видеодон көрүнгөндөй, УКМК кызматкерлери алгач Зилалиевдин Бишкектин 4-кичирайонунда жайгашкан беш бөлмөлүү батирин тинтүүгө алган. 

Пара алып жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог КР
Үй ичинен 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар накталай акча, кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар жана кызматтык күбөлүктөр табылганы айтылат. 

Ошондой эле ал "Ордо" VIP шаарчасына куруп жаткан баасы 400 миң долларлык турак жайы көрсөтүлөт. Учурда ал үйдө ремонт иштери жүрүп жатат, ага 90 миң доллар кеткен. 

Мындан сырткары, Зилалиев Бишкектин чок ортосунда жайгашкан үч кеңсеге ээлик кылат. 

Биринчиси Токтогул, 110 дарегинде жайгашкан кеңсеси 19 миллион 705, 35 миң сомго бааланган. Экинчиси Токтогул, 108 дарегиндеги бизнес борбордун 6-кабатында жайгашкан. Ал 30 миллион 600 миң сомго бааланды. Үчүнчүсү ушул эле бизнес борбордун 5-кабатында жайгашып, баасы 34 миллион сомду түзөт.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу үйү бар. 

Бишкекте бир нече батир, жер тилке, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жакын туугандарына катталган.   

Учурда Зилалиевдин кыймылсыз мүлкү эле 1,5 миллион доллардан ашык акчага бааланууда. 

Кыргызстандагы алтын кен, акиташ жана башка бир топ кендердин ээси катары лицензия алган.

21862
Белгилер:
байлык, тинтүү, кармоо, Дүйшөнбек Зилалиев
Тема:
Дүйшөнбек Зилалиевдин айланасындагы чыр (20)
Тема боюнча
900 миң доллар... УКМК Зилалиевдин каткан байлыгын санап берди
Зилалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды
Итке минген экен... Мыйзамсыз байыды деп кармалган Зилалиевдин декларациясы
Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Анын байлыкты мыйзамсыз топтогону айтылууда

Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

81
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.

Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.

Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.

Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.

Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.

81
Белгилер:
кулинария, ашкана, тамак-аш, робот
Тема боюнча
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео

Атаандашын башка чапкан Месси биринчи жолу кызыл айып кагазын алды. Видео

653
Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштоп чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылыша кеткен.

"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Чыр кошумча бөлүктүн экинчи, 15 мүнөттүк таймынын акыркы ирмемдеринде чыккан. Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштогону чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылышып, аны башка чаап, кулатып салган.

Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.

Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.

653
Белгилер:
Испания, "Атлетико" командасы, Барселона ФК, Лионель Месси
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Стамбул аэропортундагы учактар. Архив

Эртеңден тарта Стамбул Бишкек Стамбул авиакаттамынын саны көбөйтүлөт

11
(жаңыланган 14:46 19.01.2021)
Жаңы чечимге ылайык, эртеңден тарта Стамбулга жумасына жети рейс аткарылат. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.

Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.

Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.

11
Белгилер:
рейс, каттам, Бишкек, Стамбул, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема боюнча
Кийинки жумадан тарта Бишкектен Лейлекке учак каттай баштайт