"Ала-Тоодо" балатынын оттору жанды! Жомок дүйнөнүн асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Бишкек шаарында бүгүн, 10-декабрда, "Ала-Тоо" аянтында 2019-Жаңы жылдык балатынын оту жанды. Ага шаардыктар, калаа башчысы Азиз Суракматов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров катышты.

Мэр Суракматов шаардыктарды жана калаанын конокторун келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, элге аманчылык каалап, келерки жылга чоң пландар бар экендигин айтты. Андан соң Абиров да калаалыктарды куттуктап, жакшылыктарды каалады.

Бишкектеги кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
7 күн эс алабыз. Жаңы жылдагы майрам күндөрүнүн тизмеси
Борбордук аянтта кыргыз эстрада ырчыларынын салтанаттуу концерти жана театралдаштырылган оюну болду.

Балатынын оттору жангандан кийин аны коштоп, бир нече ирет салют атылды.

Жаңы жылдын символу болгон балатынын бийиктиги 27, диаметри 12 метрге жетет. Атайын темирге 2 миң 400 бутактары жармаштырылып, 940 даана оюнчук менен кооздолду. Андан сырткары, дюралайттан жасалган 4900 метр жаңы жылдык жарыктар жана 440 метр гирлянддар менен шөкөттөлдү.

Борбордук фонтандын үстүнө "Кар канышасы" жомогунун мотиви боюнча "Муз такты" орнотулду. Ошондой эле сыйкырдуу бугуларга чегилген чанада отурган Аяз атаны көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0