Бегимай Карыбекованын "Аалам сулуусундагы" көйнөгү элди таң калтырды. Видео

Жазылуу
Кечээ Таиланддын Паттайе шаарында "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын улуттук кийим бөлүгү көрүүчүлөргө тартууланды.

Конкурска 93 өлкөдөн келген селкилер катышты. Иш-чара салтка айлангандай, таиланддык артисттердин шоусу менен башталды.

Кыргызстандан барган Бегимай Карыбекова улуттук стилдеги кийими менен көрүүчүлөрдү таң калтырган.

ТАСС басылмасынын жазганы боюнча Азия өлкөлөрүнөн чыккан сулуулардын көйнөк жана жасалгалары көпчүлүккө жаккан.

Өзгөчө костюму менен айырмалангандардын катарында көпөлөк сымал шөкөттөлгөн көйнөк кийип чыккан костарикалык кыз бар. Ал арада индиялык сулуу такты сыяктуу тигилген көйнөгүн сахнага араң көтөрүп чыкканы айтылды. Аруба, Бразилия, Эквадор, Кытай, Казакстан, Сальвадор, Гаити жана Панамадан барган бийкечтердин кийими ар кыл канаттуунун элесин берип турду.

67-ирет өтүп жаткан эл аралык сынактын финалы 17-декабрь күнү Бангкокто Impact Arena борборунун сахнасында өтөт.

Буга чейин кыргызстандык сулуу Бегимай Карыбекованын көз талдырган сүрөттөрүн тизмектегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0