Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдон 520 миң доллар пара менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиев тууралуу комментарий алууга барды.

Пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү жайдары сүрөттөр! Пара менен кармалган Жусубалиев тууралуу 6 факты
Ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумуна катышып жаткан экен. Ал жыйындан чыкканда берген суроолорго жооп бербей басып кетти. Анын себебин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин отурумуна шашып баратканы менен түшүндүрдү.

Кабарчы Калиловдон орун басарынын ишинен кийин моралдык жоопкерчилигин жана бул иштен кийин кызматта отурушу канчалык орундуу экенин суроого аракет кылган.

"Кызматта отурушумду орундуу деп эсептейм. Анткени мен бул кызматка жоопкерчиликтин баарын алам деп келгенмин. Ооба, орун басарымдын кылган жумушунун алкагында моралдык жоопкерчилик бар. Бул иш бизге жаңылык эмес. Бизде мурда бул боюнча маалыматтар бар эле, бирок факты жок болчу. Транспорт министрлиги да коррупция менен күрөшүп, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүп жатабыз", — деди министр.

Калилов орун басарынын коррупциялык иши тууралуу буга чейин билгенин айтып жатат. Бирок ал кармалган күнү "эмне болгонун мен деле билбейм, айран-таң болуп отурабыз" деп комментарий берген болчу

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Жамшитбек Калилов менен сүйлөшкөндө орун басарынын коррупциялык ишин мурда билбегенин айткан

Белгилей кетсек, Калилов 2017-жылга карата киреше булагы жана мүлкү боюнча тапшырган декларациясында унаасы жок экенин көрсөткөн. Андыктан экинчи суроо ушул боюнча болду.

"Мурда бир нече машинам болгон. Кызматтык машина менен жүргөндөн кийин жеке унаага муктаждык болбой сатып жибергем. Азыр кызматтык машина менен жүрөм. Үйдө, дем алыш күндөрү баламдын жана келинчегимдин машинасын пайдаланам", — деп министр каяккадыр шашып жөнөп кетти.

Деген менен ал 2017-жылдагы декларациясында жакын туугандарынын унаасы бар экенин көрсөткөн эмес. Бул келинчегинин да, баласынын да жеке унаасы жок дегенди түшүндүрөт эмеспи. 

© © ГНСЖамшитбек Калилов 2017-жылга карата тапшырган декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да менчик унаасы жок экенин көрсөткөн
Декларация о доходах министра транспорта и дорог Жамшитбека Калилова - Sputnik Кыргызстан
Жамшитбек Калилов 2017-жылга карата тапшырган декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да менчик унаасы жок экенин көрсөткөн

Эскерте кетсек, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Жаңылыктар түрмөгү
0