Бишкекте ичимдик ичкендер бөтөлкөлөрдү балдар аянтына ыргыткан. Видео

Жазылуу
Бишкектеги 9-кичирайондогу короолордун бириндеги видеокамерага ичимдик ичкен кишилер бөтөлкөлөрдү балдар аянтчасына ыргытып салганы тартылып калган.

Тасманы редакцияга жергиликтүү тургундардын бири берди. Ал атын атабоону өтүнүп, видеодогу унаа алардын короосуна бир жумадан бери келип-кетип жатканын билдирди.

Окуя 11-декабрга караган түнү болгон. Видеодон унаанын жанында турган адамдар ичимдик ичип, бөтөлкөлөрдү балдар аянтчасына ыргытып жатканын көрүүгө болот.

"Бөтөлкөнүн сыныктарынын үстүнө 3 жаштагы балам кулап жаракат алды. Унаанын номерин, тилекке каршы, эстей албай турам. Бул адамдарга мындай кадамга барган туура эмес экенин кантип түшүндүрсө болот?" — деп суроо салды тургун.

Sputnik агенттигинин кабарчысы тасманы ШИИББге жөнөттү. Милиция аны иликтеп, эми роликтин каармандарын издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0