Бүт дүйнөгө уят болдук! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан кетирүүнү премьер-министрге тапшырды.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп, эгерде министрдин орун басары пара үчүн кармалса, кызматтан эбак эле кетиши керектигин айтып ачууланды.

"500 миң доллар пара алат деген эмне? Дүйнөгө уят болдук, өкмөт мүчөлөрү, урматтуу премьер-министр. Калилов туруңуз, мен болгондо убактылуу арыз жазып кызматтан бошоп турмакмын. Жок дегенде тергөө бүткөнчө иштен кетип турайын дебейсиңерби. Майып балдардын апалары иштей албай, "айлык төлөп берип койгулачы" деп отурат. Ал маселе чечилди эле ошол акчага сүйүнүп жатышат. 500 миң доллар эмне деген акча?! Бул боюнча баарын жоопко тартыш керек! Урматтуу премьер-министр, аны убактылуу иштен четтетип тургула, уялбай Коопсуздук кеңешинде отурат. Эмне деген шермендечилик?", — деп уяткарды Жээнбеков.

Азимкан Жусубалиевдин кармалышы боюнча буга чейин ЖК депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Алтынбек Сулайманов да өкмөттү кескин сынга алып министр Калиловду кызматтан кетирүү керектигин айтышкан. Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иш өкмөткө моралдык сокку болгонун айтып андан башка позициясын билдирген эмес.

Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан
Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо
Калилов орун басары кармалган күнү "эмне болгонун мен деле билбейм, айран-таң болуп отурабыз" деп комментарий берген. Бирок кийинки маегинде анын коррупциялык иши тууралуу мурда эле билгенин айтып чыкты. 

Эскерте кетсек, УКМКнын маалыматы боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинчерээк колуна тиймек.

Жусубалиев узундугу 69,7 чакырым жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп чыгып, келишим түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0