Жамшитбек Калилов: министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум жок. Видео

Жазылуу
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өзүнүн отставкасы боюнча билдирүү жасап жатып, министрликтеги таза иштеген кызматкерлеринен аларга көө жабууга жол бергени үчүн кечирим сурады.

Министрдин кайрылуусу YouTube каналына жайгаштырылган. 

"Ушундай нерсенин болуп кетээрин билип, ага карата алдын ала чараларды көргөн жокмун. Бир адамдын кылган мыйзамсыз ишинен жалпы Транспорт министрлигиндеги ак, өз эмгеги менен чын дилинен иштеп келген адамдардын бардыгына көө сыйпалып калгандыгына байланыштуу өзүмдүн коллективимден кечирим сурайм. Мындай болушу керек эмес эле. Себеби биз акыркы жылдары министрликке реформалоо боюнча, коррупциялык схеманы азайтуу, ошол жердеги адамдык факторлорду жоюу боюнча көп жумуштарды аткарып келгенбиз. Ал улана бермекчи, коллектив бар, жумуш алдыга жылат деген чоң үмүтүм бар", — деген Калилов.

Ал орун басары Азимкан Жусубалиевдин коорупциялык иштер боюнча кармалаары оюна келбегендигин айткан.

Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан
Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо
"Тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда менин жана өкмөт башчынын дарегине ар кандай негизсиз чуулгандуу күнөөлөр тагылгандыгына байланыштуу бүгүн жумуштан кетүү боюнча өз каалоом менен арыз жаздым. Чындыгында моралдык укугум жок деп эсептейм. Айтаарым, менин берген маалыматтарымдын алкагында иш амалдары жүрүп жаткан. Бирок мен ошол жерде орунбасарым Жусубалиев кармалып калат деп эч качан ойлогон эмесмин", — деген Калилов.

Ал келечекте ишсиз калбастыгын айтып, бул тармакта 34 жылдан бери иштеп келе жаткандыгын кошумчалаган.

Эске салсак, Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин Жээнбеков Калиловду сындап, оставкасы тууралуу айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0