Өлкө башчысы 19-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын берди.
Жээнбеков өз сөзүндө 11 бир тууган экенин, анын 8и азыр бар экенин айтты.
Андан кийинки эжеси математик-физик, учурда пенсияга чыгып айылда. Андан кийинки эжеси Бишкектеги бейтапканалардын биринде медайым болуп эмгектенет.
Агасы Жусупбек Шарипович 2007-жылдан бери сыртта элчи болуп жүрөт. Андан кийинки агасы прокурор болгон, бирок 35 жашында көзү өтүп кеткен. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков өзү.
Бир карындашы дипломаттын келинчеги болгондуктан чет жакта жашайт. Асылбек Шарипович катардагы депутат. Дагы бир карындашы үйдө жеке иши менен алектенет. Эң кичүү иниси атасынын чарбасын карап айылда.
Сооронбай Жээнбековун жалпы жонунан 4 агасы, эки иниси, эки эжеси жана эки карындашы бар.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмасбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.
"Долбоор 1-мартта киргизилиптир. Урматтуу төрага, айтып коюңузчу, Алмасбек Акматов кечээ эле жерге берилди го, өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө отурат, ал кантип кол койду? Анан демилгечи 80 депутат болушу керек, бул жерде автор катары 60 гана депутат турат", — деди Момбеков.
Андан соң төрага Талант Мамытов юридикалык жол-жобосу бар экенин айтып, бирок аларды тактаган жок.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.