Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны

(жаңыланган 10:51 22.12.2018)
Исабек Олжобай уулу менен Назгүл Жээнбекова 4 жыл мурун баш кошуп, эки баланын ата-энеси болушкан. Жубайлардын экөөнүн тең көзү көрбөйт, ага карабай эл катары балдарын багып, бактылуу жашап жатышкан...

Бирок бүлө башчысы Исабектин омурткасында шишик пайда болуп, жүлүнүнө суу толуп кеткендиктен тезинен чет өлкөгө барып дарыланыш керек экен. Эртелетпесе буту-колум иштебей, баспай калышым мүмкүн дейт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары азиз жубайлардын жашоосу менен таанышканча, алардын коомчулукка кайрылуусун угуп келди.

Көздөрү көрбөсө да, жубайлардын үйү таптаза, баары өз ордунда экен. Биз барган учурда апасы бешикте уктап жаткан кызынын тырмагын алып отуруптур. Ал эми Исабек сырттан бизди тосуп алды.

"Тырмактарын ушинтип бешикке бөлөп туруп, уктап жатканда алам. Антпесем мындай жөн отуруп бербейт ", — деди Назгүл.

Потерявшая зрение в детстве, мать двоих детей Назгуль Жээнбекова укладывает ребенка в колыбель
© Sputnik / Таалайгул Усенбаева
Биз барган учурда апасы бешикте уктап жаткан кызынын тырмагын алып отуруптур

Исабек менен Назгүлдүн 4 жаштагы уулу жана 1,5 жаштагы кызы бар. Эркек баласын жанындагы бакчага киргизип коюшуптур. Бүлө башчысы таяк менен баса алгандыктан уулун бакчага жеткирип, дүкөнгө барып, айтор, сырттагы жумуштарды бүт өзү жалгыз эле бүтүрөрүн айтты.

"Жубайымдын көзү 1,5 жашында көрбөй калыптыр. Ата-энесинин айтымында, сасык тумоодон өтүшүп кетип кийин көзүнө таасир эткен экен. Мен болсо 18 жашка чейин жакшы эле көрчүмүн. 19га чыкканда башымда шишик пайда болуп, андан көзүмө өтүп үч жолу операция жасаттым. Үчүнчү операциядан кийин такыр эле көрбөй калдым. Мурда баарын көрүп жүргөнгө шаарда өзүм жалгыз таяк менен жүрө алам", — деди Исабек Олжобай уулу.

Батирде жашап, майып болсо да жаш жубайлар эки баланы эч нерседен кем кылбай багышат.

Незрячие родители двух детей Исабек Олжобай уулу и Назгуль Жээнбекова
© Sputnik / Таалайгул Усенбаева
Исабек менен Назгүлдүн 4 жаштагы уулу жана 1,5 жаштагы кызы бар. Эркек баласын жанындагы бакчага киргизип коюшкан.

"Апасынын көзү көрбөй, баласынын кийими кир болуп калыптыр дешпесин деп бат-баттан алмаштырып турам. Дос кыздарым менен жолуксам, "балдарыңды тазалап-сүртүп эле турат экенсиң" деп айтышат. Балдардан кем болбосун деп сураган оюнчугун алып берип, каалаган тамагын жасап беребиз. Экинчи кызым төрөлгөндө ата-энем, өкүл аталарыбыз "бир балаңарды биз багып берели" деп сурашкан. Бирок макул болгон жокпуз. Кыйналсак дагы өзүбүз баккан жакшы. Башка үйдө чоңоюп, кийин бизге келсе көнбөй, психологиялык жактан кыйналышы мүмкүн. Андан көрө баарын көрүп, ата-энесинин мээриминде өскөнү жакшы. Кичине болсо да экөө тең абалыбызды жакшы билет. Мисалы, улуу балабыз бакчанын же үйдүн жанына келгенде өзү токтойт. "Арык, унаа" деп айтып турат. Кичинекейибиз суу ичкиси келсе, колубуздан жетелеп столго алып барат. Үйдөн кайсыл жакта жүргөнүн билиш үчүн бутуна коңгуроо тагып коебуз", — деди Назгүл.

Игрушки в доме семьи незрячих родителей Исабек Олжобай уулу и Назгуль Жээнбековой
© Sputnik / Таалайгул Усенбаева
Батирде жашап, майып болсо да жаш жубайлар эки баланы эч нерседен кем кылбай багышат.

Исабек да, Назгүл да укалоочу курсун аяктаган. Бирок Назгүл балдарга карап кесиби менен иштеген эмес. Жолдошу болсо №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенчү. Учурда оорусуна байланыштуу үйдө экен.

"Башымдагы шишик менен алышып жүргөн кезде анын кесепети башка органдарга да тийиптир. Операциядан кийин жакшы болуп, жумушка чыгып кайра иштей баштагам. Башым ооруганынан дарыгерге барсам, көкүрөгүмдү рентгенге тарттырды. Көрсө, омурткада да залалдуу шишик пайда болуп, ал аз келгенсип жүлүнгө суу толуп кетиптир. Нейрохирургдар тезинен операция кылдырып дарыланбасам, баспай калаарымды айтышты. Операция Россия же Түркиядан жасалат экен. Ошого азыр каражат чогултушум керек. Бирок дарыгерлер оор жумуш кылганга, ал тургай катуураак ыйынганга болбойт дегенинен жумуштан чыгууга туура келди. Жалгыз инимдин тапканы эч нерсеге жетпей жаткандыктан, коомчулукка кайрылып көрүүнү туура көрдүк. Баспай калсам жубайыма жүк болуп, балдарым да багылбай калат го деп корком", — деди Исабек.

Незрячие родители двух детей Исабек Олжобай уулу и Назгуль Жээнбекова
© Sputnik / Таалайгул Усенбаева
Исабектин омурткасында шишик пайда болуп, жүлүнүнө суу толуп кеткендиктен үй-бүлө азыр материалдык жардамга муктаж.

Исабек Олжобай уулунун жалгыз таянганы — иниси. Ал деле кара жумушта иштеп, байкесине көмөктөшүп турат. Апасынын көзү өткөнүнө 5-6 жыл болуптур, атасын болсо ажырашып кеткендиктен тааныбайм деле дейт.

Белгилер:
тагдыр, азиз, жардам
Тема боюнча
Бишкекте ракка чалдыккан бала белектен баш тартып, башкаларга дары сурап жатат
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо

(жаңыланган 17:16 18.04.2021)
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.

Аталган уюмдан Сулайманбек уулу дал ушул жеңиши үчүн бокска кайтканын белгилешти. Ал өткөн жылы март айында нокаут менен утулуп калган эле.

Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.

Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.

Белгилер:
жеңиш, беттешүү, бокс, Акжол Сулайманбек уулу
Тема боюнча
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив

Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт

(жаңыланган 15:26 19.04.2021)
Жаңыланган келишимге ылайык, сиздин адаттарыңызды жана табитиңизди анализдөө үчүн WhatsApp колдонуучулардын жеке маалыматтарын Facebook тармагына өткөрүп берет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.

Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.

Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.

Белгилер:
эреже, өчүрүү, жазышуу, аңдуу, WhatsApp
Тема боюнча
Clubhouse колдонгон 1,3 млн. кишинин маалыматы ачыкка чыгып кетти