Бишкекте мектеп алдынан баланы коюп кеткен айдоочу кармалды. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Рулда отурган киши из жашырып кеткен.

Коварные препятствия на зимних трассах - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо жол кырсыгы болуп, эки адам каза тапты
Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №70 мектептин алдынан белгисиз айдоочу жөө адамдар өтө турган жол чийинден 8 жаштагы баланы коюп кетип изин жашырган. Бул тууралуу шаардык ЖКККБдан кабарлашты. Окуя 18-декабрь күнү саат 10.45те болгон.

Учурда окуучу баланын буту жабыркап ооруканада жатат. ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери күбөлөрдү таап, кечээ, 19-декабрда, 31 жаштагы Е.Б. аттуу кишини колго түшүрдү. Ал Nissan Murano унаасын айдап жүргөн.

Айдоочу милиция кызматкерлерине окуучуну коюп алгандан кийин коркконунан качып кеткенин билдирген. Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, унаа атайын короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0