Жээнбеков балдардын бетинен өөп, бешенесинен сылады. Президенттик балатынын видеосу

Жазылуу
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР президентинин балатысы өттү.

Майрамдык иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык бала чакырылган.

Новогодняя елка мэра столицы - Sputnik Кыргызстан
Балага жаңы жылдык белекти кантип тандоо керек? Адистин кеңеши
Президенттик балатыга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен катышты.

Балдарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эне окуясы театрлаштырылып тартууланды. Андан сырткары, балдардын маанайын эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Айыма көтөрдү. Жаңы жылдын башкы каарманы болгон Аяз ата менен Аяз кыз дагы балдарды майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин таратты.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык балдарды Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктады.

"Жараткан жаштын тилегин берет дейт. Силердин да тилеген ой-максаттарыңар бар. Кыргызстандагы бардык балдардын тилегин кудайым колдоп, ошонун баары орундалсын. Кудайым чын ден соолук, узун өмүр берсин, жакындарыңар менен аман-эсен болгула. Келечекте Кыргыз мамлекетинин алдыңкы жаштарынан болгула. Мекенди чындап сүйгөн патриот уул-кыздардан болгула", — деген каалоосун айтты.

Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдой эл-журтка кызмат кылган, элди, жерди ааламга тааныткан улуу инсандардан болгула деген тилегин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0