Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу

Жазылуу
Депутат Аида Исмаилова саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы Марат Калиев ар бири 5,6 миллион сомдук эки автоунаа сатып алганын айтып чыкты. Машиналар Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттын эсебинен алынган.

Мындай маалымат коомчулуктун төбө чачын тик тургузуп, сындагандар четтен чыкты. Анын ордуна Тез жардам унаасын алса болбойт беле дегендер да болду. Чолпонбаев мындай келишим ал кызматка келгенге чейин түзүлүп калганын айтса, мурунку министр Талантбек Батыралиев унаа сатып алуу боюнча такыр кабары болбогонун билдирүүдө.

Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкекке автобустарды алып келчү Кытай компаниясынын өзгөчөлүгүн айтты
Мындан улам министрдин өзүнө барып, талкуу жаратып жаткан кымбат баалуу жол тандабастардын чоо-жайын сурап келдик.

Аткаминердин айтымында, 2014-жылы региондогу ооруканалар жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишин алдыга жылдыруу максатында Дүйнөлүк банктын "Натыйжага карата каржылоо" деген программасы ишке кирген. Анын алкагында эксперттер квартал сайын барып аткарылган иштерди баалап турушат. Алыскы аймактарга барганда бир-эки жолу унаасы бузулуп талаада калышкан экен.

"Мен келгенден кийин бул маселе көтөрүлгөндө тез жардам унаасын же минивэн албайсыңарбы дегем. Бирок Дүйнөлүк банктын эрежеси буга туура келбейт экен. Планды өзгөртүүгө мүмкүн эмес эле, баш тартсак акчасын артка чакыртып алмак. Анан ошол эки жаңы жол тандабасты алганбыз. Бирок аны мен айдап алган жокмун. Бирөөнү аймактарга мониторинг жүргүзүү үчүн Таласка жиберип, экинчисин өкмөткө өткөрүп бердик. Анын ордуна тез жардам унаасын же керектүү машиналарды алсак деп сүйлөшүп жатабыз. Эгер биз ал унаалары сатып албасак, акча жөн эле күйүп кетмек. Бул жерде эч ким мыйзам бузган жок", — деди министр.

Ошондой эле Чолпонбаев Prado жана Highlander үлгүсүндөгү эки унаанын жалпы баасы 101 миң доллардын (7,04 миллион сом) тегерегинде экенин айтты. Учурда ал мурунку министрден калган машинада эле жүргөнүн жана кызматтык унаалар жетиштүү экенин белгиледи.

Здание министерства здравоохранения Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинде иштегендерге 24 иш козголду
"2018-жылдын башында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы унаага муктажбыз деп Дүйнөлүк банктын катчылыгына кайрылган. Министрлик да макул болуп, планга киргизилген экен. Тез жардам чын эле көйгөйлүү маселе экенин билебиз. Өлкө 150дөн ашуун тез жардам унаасына муктаж. Бардык жабдуусу бар жаңы унаанын баасы 100 миң доллардан ашат. Азыр келип жаткан мурда иштетилген Mercedes-Benz унааларын 26 миң доллардын тегерегинде алса болот. Арзанга качпай жаңысын алсак, көпкө чейин жакшы кызмат кылат. Жакын арада Япониянын элчилиги 4, "Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу" Караколго 8 унаа берсе, өзүбүз бюджеттен 50 тез жардам машинасын алууну пландап жатабыз. Кээде меценаттар да сатып беришет. Азыр унааларды өтө керектүү жерлерге туура бөлүштүрүү иштери аткарылууда", — деди Чолпонбаев.

"Мунун баары калп!"

Деген менен депутат Аида Исмаилова келишим качан түзүлбөсүн аны өзгөртүүгө министр толугу менен укуктуу экенин баса белгиледи. Андыктан мурда планга кирип калган деген жүйө суу кечпейт деген пикирде.

"Мунун баары калп! Сөзсүз түрдө долбоордун алкагында эмне сатып алуу керектиги боюнча Саламаттык сактоо министрлиги сунуштама берет. Анан "мурда планга киргендиктен өзгөртө албай калдык" дегени туура эмес. Алар жыл ичинде оюн өзгөртүп башка нерсе алабыз деп койсо болмок. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мага азыр "министрдин орун басарлары да ушундай жол менен өздөрүнө унаа алган" деген маалымат түшүп жатат. Тийиштүү органдардарга кат жолдоп, тактап жатабыз", — деди Исмаилова.

Экс-министр эмне дейт?

Ал эми экс-министр Талантбек Батыралиев сөз болуп жаткан жол тандабастар тууралуу такыр эле кабары жоктугун билдирди. Мындан улам азыркы министр менен мурдагы министрдин айткан фактылары дал келбей, эки башка чыгып жатат.

Автобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры - Sputnik Кыргызстан
Автобекеттен куулуп транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры
"Жип алуу боюнча долбоорду уккан да, көргөн да эмесмин. Мен мындай маселе көтөргөн эмесмин. Кантип алышканы мага түшүнүксүз. Долбоор каралып жатканда акча эмнеге коротулары талкууланат да. Министрликтин унаалары эски, бирок пайдаланса болот. Мен мурда эски Toyota Land Cruiser менен жүрчүмүн. Өтө кымбат унаа менен алыска барганда анын чыгымы да көп болот да", — деди Батыралиев.

Белгилей кетсек, Талантбек Батыралиев 2014-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин саламаттык сактоо министри болуп иштеген. Андан кийин бул кызматка Космосбек Чолпонбаев келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0