Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу

Жазылуу
Коомчулукка "Тайсон" каймана аты менен белгилүү ММА мушкери Канат Келдибеков 6 жаштагы уулу Нурсултандын кулагы укпай, сүйлөй албай жатканын айтып, чет мамлекеттен айыктырып алууга коомчулуктан жардам сурап кайрылууда.

Мушкер жубайы менен биргеликте үч кыз, бир уулду тарбиялайт. Канат машыгуудан тышкары такси кызматында жана курулушта иштеп үй-бүлөсүн багат. Бирок тапканы күнүмдүк тиричиликке жеткени менен уулун дарылатууга каражат чогултканга жетишсиз экенин айтып берди.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тайсондун" үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу видеоматериал даярдады.

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
Айтылган дарек боюнча "Дордой" базары тараптагы жер тамга барганыбызда эшиктен спортчунун уул-кыздары биринин артынан бири чуура тосуп чыкты. Кууш көчөдөн эки колуна суу көтөргөн келин "Канат кросско кеткен" деп үйүнө киргизди. Ал спортчунун аялы экендигин айтып, өзүн Гүлбүбү Абдишер кызы деп тааныштырды.

Келин идиш-аягын жууп, отун жаккычакты бир жума мурда кайненеси улуу кызын Нарынга алып кеткенин, азыр үч бала менен үйдө отурганын айтып кобурады. Анан уулу бир нерсени сурагандай болду эле, энеси колу менен жаңсап түшүндүрдү.

Гүлбүбү Нурсултан бир жашынан тарта оору менен алышып келе жатканын айтып берди.

"Бир жаш эки ай болуп калган. Алданемедей эле чоңойтуп жатканбыз. Бир күнү ооруп, үйдө үч күн жатып калды. Температурасы 40тан түшкөн жок, денесин калтырак басты. Анан мурду менен оозу кыйшайып кетти. Буту дагы баспай жатып калды. Бир ай ооруканада дарыланып бутун бастырдык. Кийин неврологго алып барып кыйшайган бетин айыктырдык. Жакшы болуп кетти деп жатканбыз… 3-4 айдан кийин кыймыл-аракетинен улам сүйлөбөй, укпай жатканын байкап калдык. Дарыгерлер оорусу өтүшүп кеткенин, маалы менен дарыланып турушубузду айтышты. Үнү чыкпай калганда 1 жаш 9 айга толуп калганбыз", — деди энеси.

Ал Түркиядан дарылатууга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.

Помощь Курманбеку Жанузакову, заболевшему раком легких - Sputnik Кыргызстан
Көлдүк келин: ай-күнүмө жетип калганда күйөөм рактан бүк түшүп жатат
"Чет мамлекеттен операция жасатуу үчүн кезекке турганбыз, азырынча келе элек. Аны күтүп отурсак, кечигип калабыз го. Тийиштүү каражат топтолсо, каалаган убакытта жөнөп кетет элек. Түркиядан дарыланалы деп жатабыз. Бир кулагынын операциясы 12 миң доллар турат экен. Адамдын организмине, кабыл алуусуна жараша айыкса болот экен. Баламды көргөндүн баары "сүйлөйт" деп жатышат. Азыр маалы менен укол, дарыларды алып турабыз. Баалары кымбат. Бир курс алып токтоп калып жатабыз. Негизи уколдор ысык болгондуктан кыш убагында алуу зарыл экен", — деди Гүлбүбү.

Учурда Нурсултан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын атайын мектебинде тарбияланып жатканын кошумчалады.

Гүлбүбү менен маегибиз соңуна чыгып баратканда сырттан Канат да кирип келди. Ал убактысынын бир да мүнөтүн текке кетирбей маанилүү беттешке даярданып жатканын чай үстүндө кеп кылды.

"Быйыл "Ахмат" клубу менен үч беттешке келишим түзгөм. 26-январда "Ахмат" жана ACB уюмунун биргелешкен турниринде чеченстандык Хусейн Шайхаев аттуу мушкер менен күч сынашам. Атаандашым карьерасында бир да ирет утулуп көргөн эмес, 6 мелдештин жеңүүчүсү. Андыктан мыкты деңгээлде даярданып, мекенимдин намысын коргошум керек. 1-январдан тарта Махачкалага машыгууга барам деп ниеттенип жатам", — деди спортчу.

Келдибеков мамлекет спортчулардын бардыгын эле колдобой тургандыгын айтып берди.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
"Бизде спортчуларды колдобойт. Ар ким өзү аракет кылат, кээде байкелер жардам көрсөтөт. Анан октагондо бир пайда болуп, бир жоголуп кетишет. Мен өзүм таксиде, курулушта иштеп төрт баламды багуудамын. Келинчегим үйдө. Ага сөз жок, абдан ыраазымын. Менин тапкан каражатымдын бардыгын туура бөлүштүрөт", — деди Келдибеков.

Ал таксиден, курулуштан жана беттештен түшкөн каражаты бүлөсүн бакканга жеткени менен уулун дарылатуу үчүн топтогонго мүмкүн болбой жатканын айтып, коомчулукка жардам сурап кайрылды.

"Маселен, запас акча жок болуп калат. Үйдө 2-3 миң сом турушу керек да. Ошол каражат жок болгондо кадимкидей ойлоном (көзүнө жаш тегеренип)… Ушуларды ойлоном да. Анан балам ойго салат. Кулагы угуп кетсе дейм… элдин балдарындай болуп. Балама жардам керек. Кудай тааланын буйругу да, сиздер себепкер болуп угуп кетсе дейм, рахмат. Ушундай ызакормун мен", — деп жеңи менен жашын сүрттү Келдибеков.

Кыргызстан информатиктер ассоциациясы коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан
Рак болгон аялымды "төркүнүнө жеткирип сал" дешкен. Бишкектик мугалимдин маеги
"Тайсон" кайдыгер эмес адамдар жардамга кол сунат деген ниетте экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 27 жаштагы Канат Келдибеков аралаш мушташ (ММА) боюнча белгилүү мушкерлердин бири. Карьерасында 11 мелдешти утуп, үч гана ирет жеңилген. Быйыл чеченстандык таанымал спортчу Агшим Бабаевди уткандан кийин "Ахмат" лигасы менен үч беттешке келишим түзгөн. Жакында эле Бишкекте өткөн WEF Global 14 турниринде тажик спортчусун утуп, көз кандырган беттеш тартуулаган

Жаңылыктар түрмөгү
0