Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео

31744
(жаңыланган 19:01 03.01.2019)
Францияда жашаган Кирилл Николя Морша 11 жылдан кийин бир тууган агасын Кыргызстандан, туугандарын Россиядан тапты. Ага россиялык НТВ телеканалынын журналисттери жардам берген.

Франциянын жараны Катрин Колетт Бубьян 2009-жылы Москва шаарынан эки жаштагы ымыркайды асырап алган. Ошол учурда Кирилл Николя Морша балдар үйүндө тарбияланып келген. Анткени анын өз энеси 2007-жылы төрөттөн кийин көз жумган.

Ал 11 жыл өткөн соң бакма ата-энесине өзүнүн биологиялык туугандарын табууну суранган. Анын Франциядагы жакындары Кириллди багып алгандыгын ачык эле айтып келишкен.

Кирилл Николя Морша азыр 11 жашта.

31744
Белгилер:
видео, бала, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Кызым, бөпөм! Өмүрдүн таттуулугун, күндүн жылуулугун сенден сездим…
Жүрөк канайт... Көзү азиз кыздын Путин менен маектешкен видеосу

Спецназ маркум Рысбек Акматбаевдин инисин кармады. Видео

701
Спецназ кримавторитет, маркум Рысбек Акматбаевдин жакын тууганын колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Министрлик жаранды кармоо учурунун видеосун жарыялады. Кадрдан шектүүнүн колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн А.Р. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Жаран алдамчылык сыяктуу бир катар кылмыштарга шектелип, ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

ИИМден билдиришкендей, 2016-жылдын жаз айларында шектүү Бишкек шаарынан жарандардын биринин ишенимине кирүү менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын алып, сатып жиберген. Унаа ээсинин чыгымы төрт миң доллар деп бааланган. Бул окуядан кийин шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Эми ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Рысбек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны мечиттин алдынан бет капчан кишилер атып кетишкен. Окуя Көк-Жар айылында болгон. Ага чейин Акматбаев адам өлтүрүүгө шектелип, бирок акталган. Ал шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп, бирок мандат алууга жетишпей калган. Акматбаевдин өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү күнгө чейин ачыла элек.

701
Белгилер:
кармоо, ИИМ, кылмыш
Тема боюнча
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады

Жалындан суурулуп чыкты! Ажалы жок спортчунун видеосу

210
(жаңыланган 13:43 30.11.2020)
Катуу ылдамдык менен жарышка түшкөн атайын автоунаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан соң дароо өрттөнө баштаган. Анын ичиндеги айдоочу кандайдыр бир керемет менен аман калган.

Окуя Бахрейнде "Формула-1" жарышынын этабы өтүп жаткан учурда болгон. Рулда Ромен Грожан аттуу адам кетип бара жатканы айтылды. Кадрдан анын автоунааны башкара албай калып биринчи автокөлүктү жөөлөп өткөнүн, катуу күү менен тосмого келип урунуп, жалбырттап өрттөнө баштагандыгын көрүүгө болот.

​Окуя болору менен коопсуздук кызматкерлери жана медиктер жетип келип, өрттү өчүрө баштаган. Ал эми спортчу алоолонгон жалындын ичинен көз ирмемде суурулуп чыгып, жерде тургандар аны жөлөп-таяп ары алып кетишкен. Маалыматта Грожандын колу жана таманы анча көп эмес күйүк алганы айтылган.

210
Белгилер:
кырсык, жалыныч, жарыш, Формула-1, Бахрейн
Тема боюнча
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады
Шоколад. Архив

Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

0
Дарыгер шоколадды кечке эңсей берүү кадимки эле адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Адамдын организми шоколадды ири алдыда депрессияга каршы зат катары талап кылат. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Анатолий Балага шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымына караганда, бул таттуунун аны сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү кооптуулугу бар.

Бирок негизи шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишпестигинен кабар берет.

"Кишинин бул таттууга жакын экендиги анын организминин депрессияга каршы кайсы бир затка муктаж болуп жаткандыгынын белгиси", — деген медик.

Дарыгер адам шоколадды жеп, мээнин иштөө активдүүлүгүн жогорулаткысы келерин, себеби анын курамында кофеин бар экендигин кошумчалады.

Анткен менен Бала жогорудагы таттуу азыкты кечке эңсей берүү кадимки адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ага адам чай же кофе сыяктуу көнүп калышы толук мүмкүн.

0
Белгилер:
мээ, чай, кофе, шоколад
Тема боюнча
Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме