Чымчыктардын бийлегенин көрдүңүз беле? Англияда тартылган видео

894
(жаңыланган 20:14 03.01.2019)
Англиянын Брайтон шаарында көз жоосун алган көрүнүш болду. Анын видеосу YouTube тармагындагы ViralHog каналына жүктөлдү.

Кадрларда топтошкон чымчыктар суунун үстүнөн ары-бери кайкып учуп, бийлеп жаткандай элес калтырат.

Бул көрүнүштү окумуштуулар канаттуулардын мурмурациясы деп аташат. Бирок эмне себептен чымчыктар мындай кылары аягына чейин иликтенип бүтө элек. Болгону мындай жол менен алар жырткыч канаттууларды коркутуп же айлана-чөйрөдөн кабар алат деп божомолдошот.

894
Белгилер:
видео, канаттуулар, Англия
Тема боюнча
Өлкөдө жапайы жаныбарлар көбөйүүдө. Фотокапканга түшкөн сүрөттөр
Фотофакт: мындай кооз чымчык кыргыз тоолорун байырлайт
Кыргызстандагы балта жутарлар. Жырткыч канаттуулардын укмуштуу сүрөттөрү