Куусун көр! Секирип өтмөк болгон антилопаны тамактан алган кабыландын видеосу

Жазылуу
Түштүк Африка Республикасынын Крюгер улуттук паркында жүргөн адамдар кабыландын антилопаларга жасаган укмуштуудай аңчылыгын көрө алышты.

Видео Kruger Sightings коругунун YouTubе каналына жайгаштырылган.

Кадрдан көрүнгөндөй, кабылан оттоп жүргөн антилопаларга көрүнбөй, асты жактан өтө кылдаттык менен сойлоп барып чабуул жасаган. Жаныбарлар кача бергенде үстүнөн секирип өтүүгө аракет кылган антилопаны кабылан тамагынан тиштеп кармап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0