Кыргызстандык мигрант кыздын жан чыдагыс жашоосу. "Айка" тасмасынын трейлери

Жазылуу
Кыргызстандык мигрант кыздын тагдырын баяндаган Сергей Дворцевойдун "Айка" драмалык тасмасынын трейлери чыкты.

Kinopoisk.ru порталы билдиргендей, кинонун трейлерин "Вольга" компаниясы жарыялаган. Тасма 14-февралдан тарта кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт.

Режиссер Сергей Дворцевой и актриса Самал Еслямова (слева) на красной дорожке премьеры фильма Айка (Ayka) в рамках 71-го Каннского международного фестиваля. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мигрант тууралуу тартылган "Айка" тасмасы Норвегияда сыйлык алды
Картинадан Кыргызстандан жумуш издеп барган мигрант кыздын Москванын суугуна урунуп жүргөнүн көрүүгө болот. Россиянын борбору ага жагымсыз жана кунарсыз болгонуна карабай, эптеп жан багуу үчүн баарына даяр болгон. Жада калса көз жаргандан кийин ымыркайын төрөтканага таштап качып кетет. Бирок Айка жан дүйнөсүндөгү оор жүктү көтөрүп андан ары жашай аламбы деп санаасы санга бөлүнөт.

"Айка" тасмасында миграция азабын тарткан кыргызстандык жаш келиндин тагдыры чагылдырылган. Аталган фильм буга чейин Канндагы фестивалда элге жаккан эмгектердин бири болгон. Ал эми андагы баш каармандын образын ачып берген казакстандык актриса Самал Еслямова "Аялдын мыкты ролу" номинациясын алган.

Мындан сырткары, "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясынын кыска тизмесине илинген.

Режиссер Дворцевой кыргыз мигрант кызынын ролун эмне үчүн казак актрисасы ойногондугун биз менен болгон интервьюда айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0