Талас: той ээси "автомат" аткандардын куралын көрсөтүп берди

Жазылуу
6-январда Facebook социалдык тармагына машинанын терезесинен белине чейин чыгып алып, колуна автомат өңдөнгөн нерсени көтөрүп, асманга аткылап жаткан балдардын видеосу тарады.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү иштерин жүргүзүп, окуя 2018-жылдын 24-ноябрында 21 жаштагы Ж.К. аттуу жарандын үйлөнүү тоюнда болгонун аныктады.

"Үлпөт тойдогу кортеж "Манас ордо" улуттук комплексин көздөй жөнөп жаткан. Унаадагы адамдар балдар ойноп жүргөн оюнчук автоматты алып, асманга каратып ойношкон. Видео жакшы сапатта монтаждалганын той ээси тастыктады", — деп Талас ОИИБден билдиришти.

Ошондой эле укук коргоо органдарынан уюшкан кылмыштуулукка эч кандай тиешеси жок экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0