Ноокатта үч кишинин өмүрүн алган жол кырсык видеого түшүп калган

Жазылуу
Жол кырсыгына кабылган бензовоз дүкөндү барып сүзгөн.

Ош — Исфана жолунда Toyota Estima менен MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышкан. Кырсык болгон жерде эки киши каза болуп, дагы бирөө ооруканадан үзүлгөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Ноокат районунун Өрнөк айылында 6-январдын таңында болгон. Алдын ала маалымат боюнча минивэндин айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен бензовоз дүкөндү барып сүзгөн.

"Жол кырсыгынын кесепетинен окуя болгон жерде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну И. Уулу Т. менен 29 жаштагы Ш.М. каза болгон. Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну ооруканада каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Дагы беш киши түрдүү жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Чогултулган бардык материалдар Ноокат РИИБинин тергөө бөлүмүнө берилип, тийиштүү эскпертизалар дайындалды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0