Кыргызстан – Кытай командалары киргизген голдордун видеосу

Жазылуу
Азия футбол конфедерациясы Facebook социалдык тармагына Азия кубогунун алкагында беттешкен Кыргызстан – Кытай оюнчулары киргизген голдордун видеосун жарыялады.

Беттеш Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадионунда өттү. 

Удачи на Кубке Азии! Видео Валентины Шевченко в поддержку сборной КР - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко Кыргызстандын футболчуларына жеңиш каалады. Видео
Оюндун 42-мүнөтүндө эсепти кыргызстандык футболчу Ахлидин Исраилов ачып, команданы алдыга алып чыкты. Бирок сегиз мүнөттөн кийин, тактап айтканда, оюндун 50-мүнөтүндө кытайлык футболчулар эсепти теңеди.

Ал эми 78-мүнөттө кытайлыктар дагы бир гол киргизип, 2:1 эсебинде алдыга чыкты.

Азия кубогу 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде башталды. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын, Кытайдын, Филиппиндердин командасы менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0