Милициянын формасын кийген киши көчөдө беш ирет түкүрдү. Күбөнүн видеосу

9204
(жаңыланган 15:00 12.01.2019)
Милициянын формасын кийген кишинин көчөдө тамеки чегип, түкүрүп жаткан видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберди.

Видеодон милициянын формасын кийген 3 кишини көрүүгө болот. Алардын бирөө тамеки чегип, беш жолу түкүргөн. Видео Бишкектин четиндеги ГЭС-5 районунда тартылганы айтылды. 

Чүй облустук милициясы учурда окуяны териштирип жатканын айтып, кийинчерээк комментарий берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат. Ал эми юридикалык жактар 17 миң сом төлөйт. 

Ал эми тыюу салынган жерде чылым чеккендерге эскертүү берилет же I категориядагы айып салынат, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом. 

9204
Белгилер:
түкүрүү, милиционер, айып пул, Бишкек
Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
Тема боюнча
Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео