Эркелеген окшойт, атасы кежигеден алыптыр. АКШда тартылган өзгөчө видео

718
(жаңыланган 14:13 12.01.2019)
Эркектин экинчи колу да бош эместигин, балдардын кийим-кечесин сала турган сумка көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот.

Вашингтондогу Даллес атындагы эл аралык аэропортто атасы кызынын күрмөсүнүн капюшонунан кармап алып, сыйгалак пол менен сүйрөп кетип бара жаткан учуру тартылып калган. Бул туурасында РИА Новости The Sun басылмасына шилтеме кылып берген.

Эркектин экинчи колу да бош эместигин, балдардын кийим-кечесин сала турган сумканы көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот.

Видео YouYube каналына жайгаштырылган. 

Кыз эки колун бооруна алып  сүйрөлүп алган, ал эми киши түптүз тейде басып бара жатат, анын артынан дагы бир тестиер ээрчип бара жатат. Ал атасынын улуу кызы деп боолголоого болот.

"Видеого пикирин жазгандардын бири "Кээде кичинекейлер айтканыңды укпайт. Көгөрүп туруп алган балдарга кандай ыкма колдоноруңду да билбейсиң. Мен бул жерден кызга зыян келтире турган эч нерсе көргөн жокмун", — деп жазган.

Эркек кишинин эки жакты, ал тургай кызын улам-улам кайрылып карабай, түптүз басып кетип бара жатканына караганда, кичинекейдин буга чейин "атасынын мазесин" алганын түкшүмөлдөөгө болот.

718
Белгилер:
АКШ, Вашингтон, ата, күрмө, аба майданы, кыз
Тема боюнча
Топ эчкинин жоругу. Чуркаган адамдын артынан калбай ээрчип алгандагы видео

Акыры өлтүрүп тынды. Сууда алышкан ак аюу менен бугунун видеосу

113
Интернет айдыңында мелмилдеген сууда ак аюу мүйүздөрү аркайган бугунун артынан сая түшүп, кууп бара жаткан видео тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, кишинин тынчын алып, кыпылдаткан бул окуя былтыр Норвегиянын Шпицберген архипелагында августтун аягында болгон.

Бугу душманы ак аюудан кургакты көздөй чуркабай, сууга кире качып, өзүн кооптуулукка кептеген. Польшанын илимий станциясынын изилдөөчүлөр тобу эки жаныбардын кармашын видеого тартып алган. Маалыматта негизи эле жогорудагы жырткычтын түндүк бугуга аңчылык кылган учурунун биринчи ирет камерага тартылгандыгы айтылган.

Кадрдан жаш ургаачы аюу шыргалаң сууда бугунун артынан сая түшүп алып сүзүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал бир нече мүнөткө созулуп, акырында жырткычтын мүйүздөрүн арткайтып, жаныбарды жээкке сүйрөп чыккан.

"Баары ушунчалык таңгалычтуу болгондуктан, документалдуу фильм көргөндөй абалда калдык. Мындан кийин буга окшогон окуяга эч качан туш келбейбиз дагы", — деген Гданьск университетинин биологу Изабела Кулашевич.

Ак аюу сууда эң сонун сүзөт, ал эми кургакта качкан бугуга жетпей калышы турган иш. Андан сырткары, Арктиканын башка бөлүктөрүндө түндүк бугуларга анча кооптуулук жаралбайт. Ал эми Шпицбергенде бул жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, National Geographic саксактап, натыйжада алар аярлыгын бир топ жоготуп койгонун жазды.

113
Белгилер:
Норвегия, National Geographic, Россия, ак аюу, бугу, аңчылык, суу
Тема боюнча
Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт

Валентина Шевченко, жаңырган "кара жорго" жана көлдөгү машыгуу. Видео

934
(жаңыланган 16:00 30.11.2021)
UFC чемпиону Валентина Шевченконун Ысык-Көлдүн жээгинде өзү да машыгып, андан сырткары кыргызстандык спортчу кыздар менен өнөктөш катары иштеп жаткан видеосу тарады.

Видеолорду Шевченко Instagram баракчасына жарыялап, Ысык-Көл ага дем-күч берерин жазган. Мушкердин тер төгө спорт менен алектенип жаткан видеосу Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринин жээгинде тартылган. Кадрдан анын насаатчысы Павел Федотов экөөнүн пристанда машыгып жатканын көрүүгө болот.

"Мен Ысык-Көлдө машыкканды аябай сагындым. Бул мага күч бере турган жер", ― деп жазган спортчу өзүнүн Instagram баракчасына.

Шевченко видео ноябрь айында тартылганын белгилеп, жазган. Кыргызстандык мушкердин видеосу кыска убакыттын ичинде бир нече миң жолу көрүлгөн. Катталуучулар Кыргызстандын даңкын чыгарганы үчүн ага ыраазычылык билдирген пикирлерди калтырышкан.

Ал эми чемпиондун спортчу кыз менен өнөктөш катары машыгып жаткан экинчи видоосу да ошол эле пристандан тартылган.

Валентина Шевченко 21-ноябрда өлкөгө келген. Бишкекте ал маалымат жыйынын жана күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Садыр Жапаров мушкер кызды кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган. 

934
Белгилер:
Валентина Шевченко, машыгуу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Шевченко менен Холли Берринин "мушташы". Кинонун бет ачарынын видеосу
Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты
Шевченко Нуньес менен үчүнчү кармашы тууралуу: ал менден өзү качып жаткандай
Депутат Аккулу Бердиев. Архив

Алар да кудайдын пендеси. Депутат Жээнбеков, Зулпукаровдун кол тийбестиги боюнча

0
(жаңыланган 12:51 01.12.2021)
Депутат кесиптештеринин башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да качып кетип, жардам берейин деген эч ким жок экенин айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кийинки чакырылышка калтырууну сунуштады.

Ал адамдын башына кыйынчылык түшкөндө "жоопко тарткыла" деп уруксат бергенибиз туура эмес деген пикирин билдирди.

"Мурда Асылбек Жээнбековдун эшигин каккылап, бир кирип чыккандар өзүн бактылуу сезет эле. Азыр башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да, баары качып кетти. Жардам берейин деген эч ким жок. Ошондуктан бул маселени алдыда келе турган жаңы депутаттарга эле калтыралы. Мен ал киши менен саламдашкан да, чай ичишкен да жокмун. Кандай болбосун мусулманчылыкка караганда "кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң" деген сөз бар. Алар да кудайдын пендеси, башына оор иш түшүп жатат. Жыгылган адамды тепкилеген болбойт", — деди Бердиев.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
депутат, Асылбек Жээнбеков, кол тийбестик, комиссия, Аккулу Бердиев
Тема боюнча
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео