Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды

Жазылуу
Роликти окурман 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алган.

Бишкектеги №1 СИЗОнун кире беришинде эки милиционер чылым чегип, түкүрүнүшкөн. Окуянын видеосун окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу жөнөттү.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы азырынча түкүрүк жана башка эреже бузуулар үчүн жазалай албайт
Кадрда көрүнүп тургандай, милициянын формасын кийген кишинин тамекисин жөнөкөй жаран күйгүзүп берген. Анын жанында капюшон кийип турган киши дагы чылым чегип жатат. Экинчи видеодо ошол эле милиционер формачан башка эркектин жанына басып барат. Анысы дагы телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин жерге түкүрүп коет.

Эске салсак, буга чейин жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0