Ошто аллея куруу үчүн кафенин курулушун түрттүрүү учурунда чыр чыкты. Видео

Жазылуу
Ош шаарынын Кулатов кичирайонунун Осмонов көчөсүнө сейил бак куруу үчүн соода түйүндөрү жана мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө.

Бүгүн, 10-январда, кафенин тосмосун жана бастырмасын алып салуу үчүн барганда ортодо чыр чыкты.

Аллея курула турган аймакка Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен барып, эскертүүлөргө баш ийбеген адамдардын объектилерин түрттүрүп жатканын калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Алгач кафенин жетекчилиги чектен өтүп кеткен курулушту түрттүрүүгө баргандарга каршылык көрсөттү. Аларга мурда эскертүү берилгенине карабай, өздөрү алып салышкан эмес. Түрттүрүү иштери эртең да уланат. Аллея курула турган жерге мыйзамсыз орнотулган 85 чакан соода түйүнү алып салынат", — дешти мэриядан.

Снос незаконной парковки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия мыйзамсыз салынган унаа токтотуучу жайды түрттүрдү
Аталган аймакка аллея куруу сунушу менен Кулатов, Анар, Западный жана Ак-Тилек кичирайондорунун тургундары бир нече жылдан бери мэрияга кайрылып келгени айтылат.

Курула турган сейил бактын узундугу 850, туурасы 20 метр болмокчу. Мэрия курулуш иштери быйыл күзгө чейин бүтөрүн айтып, ага 30 миллион сомго жакын каражат керектелерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0