Оңолот деген ушу! Түкүрүү үчүн колуна чака көтөрүп алган жигиттин видеосу

1652
(жаңыланган 13:14 12.01.2019)
Видеодон айдоочу окуя Бишкекте болгонун айтып жатканын угууга болот.

Тамеки тартып турган жигит көтөрүп турган чакасына түкүрүнүп жаткан видео WhatsApp каналына тарады.

Видеодон айдоочу унаадагы жүргүнчүсүнө сыртта турган киши улам-улам колундагы чакасына түкүрүнгөнүн айтып берип жатканын угууга болот.

"Көрдүңөрбү, Бишкекте адамдар чака көтөрүнгөн жашоо болуп калыптыр", — деди тасманы тартып жаткан киши.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирди. Ага ылайык, коомдук жайга түкүргөн адам 5500 сом айыпка жыгылат.

1652
Белгилер:
түкүрүү, кодекс, эреже, Бишкек
Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
Тема боюнча
Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
Бишкек мэриясы азырынча түкүрүк жана башка эреже бузуулар үчүн жазалай албайт

Таразага түшө албай калтыраган АКШ мушкеринин беттеши токтотулду. Видео

264
(жаңыланган 19:20 08.05.2021)
Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам ага беттешке чыгууга уруксат берилген эмес.

UFC мушкери, америкалык Райан Бенойт менен өзбекстандык Заррух Адашевдин UFC on ESPN 24 мелдешиндеги беттеши токтотулду. Буга АКШлык спортчунун таразага түшүүдө калтырап баса албай калганы себеп болду. Окуянын видеосу Youtube каналына жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай, Бенойт салмакка түшүүчү жайга башкалардын жардамы менен жетип, өз күчү менен таразага чыга албай койгон. Америкалык атлет бутуна тура албай калган абалга жеткени аз келгенсип, салмагы дивизиондогу ченемден үч фунтка ашып кеткен. Мындан улам уюмдун жетекчилиги ага беттешке чыгууга уруксат берген эмес. 

UFC уюмунун кезектеги мелдеши 9-майда Лас-Вегаста өтөт.

264
Белгилер:
ден соолук, салмак, Лас-Вегас, АКШ, мелдеш, ESPN, UFC
Тема боюнча
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео

Токтогул суу сактагычы кейиштүү абалга жеттиби? Дрондон тартылган видео

280
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп кетти. Биз абалды жеринен тартып, сиздерге көрсөтөлү дедик.

Токтогул гидроэлектростанциясы өлкөнүн электр энергиясынын дээрлик 30 пайызын иштеп чыккан Кыргызстандагы эң башкы ГЭС болуп саналат. Ал жарым кылым илгери 25 айылдын, бир кыш заводунун жана Токтогул көлүнүн ордуна курулган.

Күн жылуу маалында ал толот, ал эми суук түшкөндө жылытуу сезонуна коротулат.

Суу сактагычка 19,5 миллиард куб метр суу батат. Ал канчалык көп толсо, кышында жылуулук, электр энергиясы тартыш болбойт.

Эгерде суунун деңгээли 5,5 миллиард куб метрге чейин түшүп кетсе, анда станция эч кандай электр энергиясын иштеп чыгара албай калат. Быйыл суунун көлөмү кескин азайып, суу сактагычтын түбүндө калган кыш заводунун курулуштары көрүнүп калды.

Айрым "кара археологдор" пайда табуу максатында металл издеп, урандылардын жанындагы жерди казышкан. Мындай суу аз калган учурлар буга чейин да катталган. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына ылайык, суу сактагычта суунун көлөмү 2009-жылдын май айында 6,3 куб метр, 2014-жылдын майында 8,4 миллиардга чейин түшкөн. Учурда сууну деңгээли 9 миллиард куб метрди түзөт.

280
Белгилер:
электр энергиясы, суу, деңгээл, ГЭС, Токтогул суу сактагычы
Тема боюнча
Министр: Лейлек районуна суу сактагыч куруу пландалып жатат
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

0
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

0
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады